Меню навигации+

Бишкекте экстрадиция жана күч колдонуп чыгаруу маселелери боюнча региондук семинар болуп өттү

28.11.2019

Бүгүн, 28-ноябрь күнү, Бишкекте экстрадиция жана күч колдонуп чыгаруу жаатындагы эл аралык-укуктук жана конституциялык стандарттар боюнча региондук семинар болуп өттү.

 

Семинар Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы БУУ Башкармасынын, Кыргызстанда адам укуктарынын боюнча БУУнун Региондук башкармалыгынын, ошондой эле Юристтердин эл аралык комиссиясынын демилгеси менен Конституциялык палата тарабынан уюштурулган.

 

Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Э.Осконбаев иш-чаранып ачып жатып, бул региондук семинар адамдарды жана жарандарды барган өлкөдүн экстрадициялоодо жана күч колдонуп чыгарууда, алардын пайдубал укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелерин талкулоо максатында уюштурулганын белгилеп кетти. Төраганын орун басарынын пикири боюнча экстрадиция жана күч колдонуп чыгаруу институту мамлекеттик эегем укуктарынын жана адамдын пайдубал укуктары менен эркиндиктеринин кандайдыр бир симбиозу, ал жерден ар биринин кызыкчылыктарын коргоодо эки жакка тең калыс жана кылдат болуу зарыл. Ошон үчүн, төраганын орун басары белгилегендей, ушул семинар эл аралык укуктук актылардын ченемдерин улуттук мыйзамдары менен салыштырууда колдонуу практикасынын болгон маселелерин талкуласа болот.

 

Негизги баяндамачылар катары атайын чакырылган коноктор – Милан шаарынын (Италия) аймактык сотунун судьясы Елена Масетти Заннини, Словениян юстиция министринин кеңешчиси Весна Павлич Пивк, Юристтердин эл аралык комиссиясынын улук укук кеңешчиси Массимо Фриго жана БУУ БКБ улуттук координатору М. Хакимов чыгып сүйлөштү. Ошондой эле семинардын жүрүшүндө Конституциялык палатанын судьясы Ч.Айдарбекова «Кыргыз Республикасында экстрадиция институтунун конституциялык-укуктук негиздери» темасында баяндама жасады.

 

Жалпысынан, семинарда экстрадция жана күч колдонуп чыгаруу маселелеринде эл аралык стандарттар жана европалык мамилелер, ушул процесстерде судьяларды ролу жана бул чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери талкууланды.