Меню навигации+

Жаңылыктар

23.11.2016

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды, бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

(more…)

23.11.2016

Бүгүн Конституциялык палатада КР ЖС Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, төраганын орунбасары Куанбек Киргизбаев жана судья-катчы Меергуль Бобукеева USAID/IDLO программасынын региондук директири Фред Хьюстон жана КР ЖС Соттук департаментинин “Адилет сот” маалымат технологиялар боюнча Мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

(more…)

16.11.2016

 

КР ЖС Конституциялык палатасы 2016-жылдын 16-ноябрында жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга тыюу салынган «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерди.

 

Конституциялык палата өз чечимин кийинки жүйөөлөрдүн негизинде чыгарды.

(more…)

09.11.2016

 Бүгүн КР ЖС Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров мырза, төраганын орунбасары Куанбек Киргизбаев мырза жана судья-катчы Меергуль Бобукеева айым Европа союзунун өкүлдөрү Каталин Герман мырза жана Клаудиа Хок айым менен жолугушту.

(more…)

03.11.2016

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2016-жылдын 2-ноябрында «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык палата ишти карап чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.

  (more…)

25.10.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конгституциялык палатасынын судья-катчысы Меергуль Бобукеева учурдагы жылдын 20-октябрынан баштап 23-октябрына чейин Ереван шаарындагы жыл сайын өткөрүлүүчү Ереван эл аралык конференциясына катышып келди. Ереван эл аралык конференциясын Эл аралык кызматташтыктын Германия кызматташтыгынын Армениядагы офисинин көмөгү менен Армения Республикасынын Конституциялык соту өткөрдү.

(more…)

21.10.2016

 

В некоторых СМИ, в том числе интернет ресурсах Кыргызстана, отдельные депутаты Жогорку Кенеша и гражданка Уметалиева Т.Дж. сознательно вводят общественность в заблуждение своими утверждениями о том, что Конституционная палата своим постановлением от 2014 года установила невозможность внесения изменений в Конституцию до 2020 года.

(more…)

18.10.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2016-жылдын 18-октябрында "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. Соттук отурумда башка жак катары Президенттин Аппаратынын өкүлү (Ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын Секретариаты), Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы.

(more…)

18.10.2016

2016-жылдын 1-8-октябрларында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Ч. О. Осмонова Украинанын Конституциялык сотунун 20 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Азыркы коомдогу конституциялык текшерүү жана демократиялык трансформация процесстери” аттуу эл аралык конференциянын ишине катышып келди.

(more…)

12.10.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2016-жылдын 11-октябрында «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Корутунду берүү тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП парламенттик фракциясынын сунуштамасын карап чыкты. Соттук отурумда башка жак катары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы, Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын жана Судьялар кеңешинин өкүлдөрү келип катышты.

(more…)

12.10.2016

 

2016-жылдын 3-октябрынан 9-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кызматкерлери Ж.Абдымомунова, Н.Нурбекова Түркия Республикасынын Конституциялык соту уюштурган Азия конституциялык соттору жана шайкеш институттар ассоциациясынын 4-жайкы мектебине катышып келишти.

(more…)

05.10.2016

4-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров, төраганын орун басары Куанбек Киргизбаев, судья-катчы Меергель Бобукеева жана судья Чинара Айдарбекова Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин мыйзам үстөмдүгү маселелери боюнча ага кеңешчиси, Эндрю Соломон (USAID), демократияны өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы, Кори Джонстон (USAID, Бишкек ш.) жана долбоорлорду башкаруу боюнча адис, Назгуль Акишева (USAID, Бишкек ш.) менен жолугушту.

  (more…)

04.10.2016
2016-жылдын 11-октябрында саат 09:30да Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Коснтитуциялык палатасында “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна корутунду берүү жөнүндөгү иш боюнча соттук отурум болот. Корутунду берүү тууралуу Сунуштаманы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “КСДП” парламенттик фракциясы киргизди.
26.09.2016

Үстүбүздөгү жылдын 21-22-сентябрында Софияда (Болгария) “Азыркы дүйнөдөгү жарандардын негизги укуктарын жана улуттук коопсуздукту коргоо. Конституциялык соттордун ролу” аттуу темада Болгариянын Конституциялык сотунун 25 жылдыгына карата Эл аралык конференция болуп өттү. Жогоруда аты аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Чинара Айдарбекова катышып келди.

(more…)

22.09.2016
2016-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Автоунаа каражаттар ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү» Мыйзамынын ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү тууралуу ишти карап чыгып, аталган жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбей тургандыгын тапты. (more…)
07.09.2016

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы Эркинбек Мамыров Саха (Якутия) Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Александр Ким-Кимэн менен жолукту. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасынын орунбасары Куанбек Киргизбаев жана судья-катчы Мээргүл Бобукеева айым да катышты

(more…)

03.09.2016
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жамааты Конституциялык палатанын Төрагасы Мамыров Эркинбек Тобокеловичтин апасы   Усупбекова Жумабүбү Асанбекованын   дγйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат, аза кайгысын тең бөлүшөт. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
01.09.2016
2016-жылдын 29-30 августтарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасынын орунбасары К.М. Киргизбаев Астана шаарында Казахстан Республикасынын 25-жылдык Эгемендүүлүгүнө жана Конституциясынын күнүнө арналган эларалык илимий-практикалык конференциясынын ишине катышты. (more…)
01.09.2016

2016-жылдн 1-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы Эркинбек Мамыров, орунбасары Куанбек Киргизбаев жана судья-катчы Мээргүл Бобукеева айым Борбордук Азия боюнча Европа Союузунун Элчиси, Атайын өкүлү Петер Буриан, анын кеңешчиси Кристин Хельтге айым, Кыргыз Республикасындагы Европа Союзу өкүлчүлүгүнүн саясат бөлүмүнүн башчысы Яап Орам менен жолугушту.

(more…)

30.08.2016

2016-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы Эркинбек Мамыров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жолугушуп, Жогорку Кеңештин Төрагасы Конституциялык палатанын Төрагасына судьялардын күбөлүктөрүн тапшырды.

(more…)