Меню навигации+

Конституциялык палата 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

21.01.2021































Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Конституциялык палатада судьялардын жана Аппараттын кызматкерлеринин жылдык жыйыны болуп, Конституциялык палатанын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды.

 

Отурумду ачып жатып, Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дуйшеев 2020-жылы коронавирус пандемиясы мамлекеттик бийлик органдарынын ишинде айрым кыйынчылыктарды жаратканын белгиледи. Буга карабастан, төрага белгилегендей конституциялык көзөмөл органы үзгүлтүксүз иштеп, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондуктан ал Конституциялык палатанын судьяларына жана Аппарат кызматкерлерине пандемиянын шартында соттун натыйжалуу иштешин камсыз кылгандыктары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 

Андан кийин Аппарат жетекчиси Рустам Чикеев сөз сүйлөп, Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүктөрү жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, судьялар Конституциялык палатанын 2020-жылга карата иш планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты угушту.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын судья-катчысы Жедигер Саалаев конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында жасалган иштер жөнүндө жалпы маалымат берди. Ошондой эле, ал каралган иштер боюнча соттордун жүктөмүнүн статистикасына токтолду.

 

Жылдык жыйындын жүрүшүндө төраганын орун басары Эмиль Осконбаев дагы сөз сүйлөп, Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлеринин көңүлүн жарандардын конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди коргоо боюнча конституциялык көзөмөл органына жигердүү кайрыла баштагандыгына бурду. Анын ою боюнча, мындай тенденция бул институттун маанилүүлүгүн билдирет жана келечекте бул багыт демократиялык институттар тутумундагы органдын орду толгус орду менен бекемделет. Буга байланыштуу, төраганын орун басары белгилегендей, Аппарат кызматкерлери квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып, жалпы эксперттик жана аналитикалык потенциалды чыңдап турушу керек.

 

Ошондой эле судьялар конституциялык сот өндүрүшүндө мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) андан ары өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти.

 

Жылдык жыйындын аягында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаргандыктары жана Конституциялык палатанын ишине активдүү катышкандыктары үчүн ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.