Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы №252 сандуу Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

04.09.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 3-сентябрында Б.А. Нааматовдун кайрылуусу боюнча 2009-жылдын 24-июлундагы №252 сандуу «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүн текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан.

 

Талашылып жаткан ченем менен доонун эскириши жайылтылбаган менчик ээсинин же башка менчик ээсинин сот аркылуу талап кылуу укугуна дуушар болбогон талаптардын тизмесинен, эгерде мындай укук бузуулар менчигинен ажыратууга байланышпаган болсо да, менчик ээсинин же башка ээлик кылуучунун анын укугунун ар кандай бузулушун четтетүү жөнүндөгү талабына, мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарынын көрсөтүлгөн жактарга тиешелүү мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө боюнча алардын укуктарын бузган актыларын жараксыз деп табуу жөнүндө менчик ээлеринин же башка жактардын талаптарынан чыгарылган.

 

Мындай өзгөчө учурлар, арыз ээсинин пикири боюнча ар бир адамдын жеке менчикке кол тийбестик укугун бузат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдеген соттук коргоого укукту чектейт.

 

Конституциялык палата ѳз чечиминде менчик укугу инсандын табигый ажырагыс укугу болуп эсептелет деп белгиледи. Демократиялык мамлекетте негизделген баалуулуктар тутумунда менчик укугу адам укуктарынын жыйындысынын эң маанилүү орундарын ээлеп, анын укуктук статусунун негиздеринин бирин түзѳт. Ошондуктан менчик укугун коргоо Кыргыз Республикасынын милдети болуп саналат.

 

Кыргыз Республикасында жеке менчик укугун коргогон камсыздоочу механизмдердин бири болуп соттук коргонуу укугу болуп саналат. Жарандык процессте соттук коргонуу кызыктар адамга доону сотко коюу укугун берүүдө турат. Бирок, жарандык укуктарды коргоо алардын башталышы же бүтүшү укуктук мамилелердин катышуучулары үчүн белгилүү бир укуктук кесепеттерди алып келүүчү убакыт фактору менен ажырагыс байланышта. Доонун эскирүү мөөнөтүн орнотуу, баарынан мурда коомдук иш-милдеттерди натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыздоо, жарандык жүгүртүүнүн туруктуулугун жана стабилдүүлүгүн сактоо максатына ээ болгон укуктук аныктык принцибин камсыздоого багытталган.

 

Менчик укугунун тутумундагы жеке менчикти коргоонун өзгөчө маанисин жана баалуулугун эске алуу менен мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан Мыйзамды кабыл алууда аларды коргоонун ар кандай механизмдерин караштырган, алардын ыкмаларынын тизмеси Граждандык кодекстин 11-статьясында белгиленген. Андан тышкары, коргоонун укуктук негизин жарандык мыйзамдар гана эмес, башка бирөөнүн мүлкүнө мыйзамсыз кол салгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилеген кылмыш жана административдик мыйзамдар да камсыз кылат. Тизмеде көрсөтүлгөн коргоонун ар бир ыкмасы өзүнчө жана башкалар менен айкалышта колдонулушу мүмкүн, мында коргоо ыкмасын тандап алуу доогердин өзүнө таандык.

 

Баяндалгандарды эске алуу менен, Конституциялык палата жогоруда көрсөтүлгөн укуктук механизмдер болгондо, иш-аракеттерди чектөө институтун менчик укугун коргоо чөйрөсүнө чейин узартуу жеке менчик укугун жоюу же кыскартуу, ошондой эле бул укукту сот аркылуу коргоо деп кароого болбойт деген тыянакка келди. Граждандык кодекстин 221-статьясынын 4, 5-пунктчаларын алып салуу сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн чектөөгө алып келбейт, бирок жарандык-укуктук мамилелердин катышуучулары үчүн белгилүү бир жол-жоболорду жана жүрүм-турум эрежелерин белгилейт.

 

Бул иш боюнча судьялар Бобукеева М.Р. жана Өскөнбаев Э.Ж. өзгөчө пикир менен калды.