Меню навигации+

Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын Тизмегинин 39-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

28.01.2021

Конституциялык палата 2021-жылдын 27-январында Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын Тизмегинин 39-пунктунун конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карап чыгып, көрсөтүлгөн Тизмектин талашылып жаткан ченемин Конституциянын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп тааныды.

 

Конституциялык палата өзүнүн чечиминде, асырап алуу ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жайгаштыруунун эң артыкчылыктуу формасы экендигин белгилеп, ал Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинин 44-беренесине ылайык, өз үй-бүлөсүндө ата-энесинин камкордугунан ажырап калган баланын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чарасы, үй-бүлөсүндө ата-энелик камкордуктан ажырап калган балдардын таламдарында, ошондой эле балдардын эң мыкты таламдарында, балдардын укуктарын коргоонун туура ыкмасы катарында гана жол берилет.

 

Бул адамдар тарабынан асырап алууга тыюу салуу, мындай адамдардын асырап алынган балдардын өмүрүнө, физикалык жана психикалык ден-соолугуна, алардын инсан катары калыптанышына мүмкүн болгон терс таасирин алдын алууга багытталган. Бул мыйзамдык чектөөнүн негизинде баланын эң мыкты таламдарын максималдуу камсыз кылуу принциби жатат.

 

Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө, вируска каршы антиретровирустук терапия ВИЧ-позитивдүү адамдардын өмүрүнүн сапатын жана узактыгын жакшыртып, иш жүзүндө ВИЧ-терс адамдардын жашоосунан айырмаланбайт деп жалпы таанылган. Мындан тышкары, терапиядан өтүп жаткан адам вирустук нөлгө жетет, натыйжада тиричилик шарттарда башка адамдарга жуктурганга жарабайт.

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасы боюнча, ВИЧ-инфекциясынын таралышы аба аркылуу, кадимки күнүмдүк байланышуулар жолу менен же жеке буюмдарды биргеликте пайдалануу же тамак-ашты колдонуу аркылуу эмес, конкреттүү жеке мүнөздөгү учурларда гана болот.

 

Ошентип, ВИЧ-инфекциясы бар адамдар үчүн оорунун баштапкы баскычтарын эске алуу менен, ошондой эле медициналык көрсөтмөлөрдү сактоо менен өзгөчө чектөөлөрдү киргизүүгө эч кандай негиз жок.

 

ВИЧ/СПИД диагнозу жана муну коштоп жүрүүчү социалдык, физикалык жана психо-эмоционалдык абалдагы терс кесепеттери менен шартталган жарандардын каралып жаткан категориясы социалдык аярлуу экендиги белгилүү. Ал коомдун ушул категориядагы адамдарды социумга кабыл албоосу менен күчөйт, бул, өз кезегинде, алардын жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө жагымсыз таасирин тийгизет.

 

ВИЧ/СПИД менен ооруган адамдарга асырап алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоо ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга толук кандуу үй-бүлө табууга мүмкүнчүлүк берет, бул анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин жогорулатуунун негизги шарты болуп саналат (Конституциянын 36-беренесинин 1, 2 бөлүктөрү), анын үстүнө, асырап алуучу ата-эне менен асырап алынган балдардын ортосунда туугандык байланыш, ошондой эле туруктуу биргеликте жашагындыгы болсо.

 

Ошентип, талашылып жаткан Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын Тизмегинин ВИЧ/СПИД ооруну, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асыроодон баш тартуу үчүн негиз катары белгилеген 39 пунктусу Конституция менен кепилденген ар бир адамдын басмырлабоого болгон укугун өлчөмсүз чектөө болуп саналат.