Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасынын Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу

07.11.2020

Урматтуу журналистер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

 

Сиздерди, кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!

 

Конституциялык демократияда жогорку орун басма сөз эркиндигине бөлүнгөн. Сиздер ушул институтту алып жүрүүчү катары, коомду жана мамлекетти демократиялаштыруу жаатында жигердүү иш алып барасыздар. Орчундуу маселелерди көтөрүп жана алардын чичилүүсүнө мамлекеттик органдардын көңүлүн бурасыңар.

 

Кыргыз журналистикасы жана басма сөз маалыматы эгемендүүлүк жылдардан тартып улуттук, маданий жана тарыхий баалуулуктардын бекемделишине өзүнүн кесиптик салымын кошуп келди.

 

Жогоруда баяндалгандар ата мекендик журналистикада чыгармачыл, таланттуу, кайдыгер эмес, коом алдында өз жоопкерчилигин түшүнө билген жана өз өлкөсүнө күйгөн адамдар эмгектенээрин айгинелеп турат.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палата каралган иштер боюнча тиешелүү маалыматтарды коомчулукка таратууда ЖМКнын өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барат. Ошондуктан, Конституциялык палатанын чечимдерин жайылтууда жигердүү катышкан маалымат агенттиктерге ыраазычылык жарыяланды.

 

Баардык массалык маалымат каражат кызматкерлерине бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана жетишкендик каалайм!

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын

Тѳрагасы К. Дуйшеев