Меню навигации+

Бишкекте «Кыргыз Республикасында сот тутумундагы көз карандысыздыктын эл аралык стандарттарын жылдыруу» аттуу онлайн тегерек стол болуп өттү

11.09.2020

Бишкекте учурдагы жылдын 10-11сентябрында «Кыргыз Республикасында сот тутумундагы көз карандысыздыктын эл аралык стандарттарын жылдыруу» аттуу онлайн тегерек стол болуп өттү.

 

Аталган тегерек столго Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Э.Ж. Осконбаев, Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси Р.Ш. Чикеев жана Конституциялык палатанын Аппаратынын бөлүм башчысы З.Т. Эсеналиева катышты.

 

Ченемсиз тышкы таасирден улам эркиндикти, ошондой эле сот тутумунун көз карандысыздыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу маселелерине арналган иш-чара эки талкуу аянтчасында өткөрүлдү.

 

Ушул сессиялардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрайымы Г.А. Шин, «Кыргыз Республикасында укуктун улуктугу – 2-фаза» программасынын өзөктүү эксперти Александру Тэнасе, Литванын Конституциялык сотунун төрагасы Дайнюс Жалимас, Грузиянын Конституциялык сотунун экс-төрагасы Георгий Папуашвили, Польшанын Конституциялык сотунун экс-төрагасы Анджей Жеплинский өз баяндамаларын жасашты.

 

Өзгөчө, баяндамачылар судьянын кол тийбестиги, кесипкөй жүрүм-туруму, тартиптик жоопкерчилиги жана судьялардын көз карандысыздыгынын өзөктүү эл аралык жетекчилик принциптерин кеп кылышты.

 

Иш-чара «Кыргыз Республикасында укуктун улуктугу – 2-фаза» программасынын колдоосу менен КР Жогорку сотунун алдында болуп өткөнүн эскертебиз.