Меню навигации+

Конституциялык палатада Мамлекеттик тил күнү белгиленди

23.09.2020

Бүгүн, 2020-жылдын 23-сентябрында, Конституциялык палатада Мамлекеттик тил күнү белгиленди.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дуйшеев иш-чараны ачып жатып, ушул күндүн барктуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп өттү. «Дал ушул күнү 1989-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку совети тарабынан «Кыргыз ССРнин мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынган. Ошондуктан ушул күн мамлекеттик тилди бекемдөөдө жана анын андан аркы өнүгүүсүндө тарыхый мааниге ээ» – деп төрага баш сөзүн жыйынтыктады.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү К.Ш. Сейдалиев дагы катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, ведомстволук сыйлыгын тапшырды. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын буйругу менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Конституциялык палатанын Аппаратынын улук консультанты (котормочу) Айдар Олжобаев «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды.

 

Андан ары салтанаттуу иш-чара уюштурулуп – мамлекеттик тилде көркөм ыр окуу боюнча сынак өттү жана анын жыйынтыгы боюнча Соттук отурумдарды уюштуруу бөлүмүнүн кызматкерлери биринчи орунга ээ болушту.

 

Иш-чараны жыйынтыктап жатып, Конституциялык палатанын төрагасы, судьялары ушул ыр окуу сынагына катышкан Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлеринин аракетин белгилеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө өзүнүн аракеттерин күчөтүүнү каалап кетишти.