Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы Казахстан Республикасынын мааракелик медалы менен сыйланды

20.10.2020

Конституциялык палатада Казахстан Республикасынын Конституциясынын 25-жылдыгынын мааракелик медалын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

 

Алсак, Казахстан Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы К.А. Дуйшеев «Казахстан Конституциясына 25 жыл» мааракелик медалы менен сыйланды.

 

Кыргыз Республикасындагы Казахстан Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси К.А. Нурпеисов мырза, жогорку сыйлыкты төрага К.А. Дуйшеевге тапшырып, Конституциянын улуктугун камсыз кылууда, конституциялык түзүлүштүн негиздеринин өркүндөп-өнүгүүсүндө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин конституциялык коргоодо мерчемдүү салым кошкону үчүн берилүүчү ушул бийик сыйлыктын ээси болушу менен куттуктап кетти.

 

К.А. Нурпеисов мырзанын пикири боюнча ар бир дипломаттын иши барган өлкөсүнүн Баш мыйзамы менен таанышуудан башталат. Ошон үчүн ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мазмуну менен тааныш жана анын жоболору демократиялык жана укуктук мамлекеттин талаптарына жооп бергендей болушу үчүн конституциялык контролдоо органдары тарабынан көптөгөн аракет жасалат деп элчи мырза өз сөзүн корутундулады.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев, өз кезегинде, элчи К.А. Нурпеисов мырзаны ушул бийик, даражалуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, казах тараптын атынан мааракелик медалды тапшырганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Төрага Конституциялык палата коллегиялдуу орган экендигин эске салып, бул медаль жалпы Конституциялык палатанын сыйлыгы катары бааланышы керек экендигин билдирди.Төрага Кыргыз Республикасынын жана Казахстан Республикасынын конституциялык контролдоо органдары эки тараптуу кызматташуунун алкагында  жана конституциялык сот адилеттиги жаатындагы эл аралык уюмдар алкагында тыгыз мамиледе жана өз ара иштешип келе жатканын баса белгиледи.

 

Ошондой эле, иш-чарада Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Э.Ж.Осконбаев жана судья-катчы Ж.И. Саалаев кыргыз, казах элин байланыштырган тарыхый мамилелер жөнүндө кеп учугун улаган куттуктоо сөздөрүн айтып кетишти.