Меню навигации+

Конституциялык палатанын Аппарат кызматкерлери соттук жүйөө боюнча тренинге катышышты

06.11.2020

Бүгүн, 2020-жылдын 6-ноябрында, «Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын үстөмдүүлүгүнүн – 2-чи фазасы» программасынын негизги адиси Александру Тэнасе Конституциялык палатанын Аппарат кызматкерлерине «Жогорку сапаттагы соттук жүйөө ырааттуулуктун негизги элементи жана конституциялык сот практикасынын туруктуулугу» деген темада тренинг өткөрдү.

 

Эксперт тренингдин катышуучуларына конституциялык сот өндүрүшүндөгү соттук жүйөөлөрдүн өзгөчөлүктөрү, конституциялык адилеттиктин жүйөөлөрүнүн этаптары, оң  чечмелөө жана фактылардын логикасы тууралуу айтып берди.

 

Тренингдин жүрүшүндө, эксперт айрым мисалдарында конституциялык юстициянын тарыхына токтоло кетти. Мындан тышкары, тренингдин катышуучулары каралып жаткан теманын негизинде гипотикалык кырдаал боюнча маек курушту.

 

Бул тренинг Европалык союздун «Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын үстөмдүүлүгүнүн – 2-чи фазасы» программасынын колдоосунда өткөрүлдү.