Учурдагы жылдын 17-январында Конституциялык палатада Конституциялык палатанын 2017-жыл ичинде ишмерликтин жыйынтыктарын чыгаруу боюнча судьялардын жана Аппарат кызматкерлеринин жылдык жыйыны болуп өттү.
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жыйынды ачып жатып, отчеттук жыл ичинде көп иш аткарылганын жана Кыргызстанда конституциялык мыйзамдуулукту бекемдөө жагында маанилүү кадамдар жасалды деп белгиледи. 2017-жылы Конституциялык палатанын чечимдерин жүзөгө ашыруу механизмдерин өркүндөтүү максатында Конституциялык палата жөнүндө конституциялык Мыйзамга конституциялык контролдоо органдарынын чечимдерин Өкмөт жана башка мамлекеттик бийлик органдары тарабынан аткаруу мөөнөттөрүн белгилеген өзгөрүүлөр киргизилди, биринчи жолу, өлкөдөгү конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалыматты даярдоо боюнча жумуштар башталды, Конституциялык палатанын Аппараты кайра уюштурулду, анын түзүмү оптималдаштырылды.






