Меню навигации+

Сеулда Корея Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү

07.09.2018

2018-жылдын 2-5 сентябрь күндөрү Сеулда Корея Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган «Конституциялык сот адилеттиги жана демократия» темасындагы эл аралык конференция болуп өттү.

Иш-чарага 34 мамлекеттен конституциялык контролдоо органдарынын төрагалары жана судьялары жана дүйнөлүк төрт эл аралык уюмдун төрагалары катышты. Кыргыз Республикасынан бул конференцияга Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жана судья-катчы Меергуль Бобукеевадан турган делегация катышып келди.

Эл аралык конференциянын программасы төрт сессияга бөлүштүрүлүп, азыркы дүйнөдө конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүү, конституциялык сот адилеттиги аркылуу адам укуктарын коргоо, ошондой эле XXI кылымдын жаңы чакырыктарына каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Конференциянын жүрүшүндө Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча тажрыйбасы» темасында баяндама жасады.