Меню навигации+

Н.А. Токтакуновдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Мыйзамдын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

03.10.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деп чечим чыгарды.

 

Талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги маселесин регламенттечи.

 

Конституциялык палата ѳз чечимин тѳмѳнкү тыянактар менен негиздеди.

 

Укуктук мамлекеттин ажырагыс принциптеринин бири болуп бардыгы  мыйзам жана сот алдында бирдей деген принцип саналат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгү).

 

Ошол эле убакытта Кыргыз Республикасынын Конституциясы коомдук кызыкчылыктарды козгогон конституциялык маанилүү милдеттерди аткаруу максатында теңдик принцибинен тиешелүү четтѳѳгѳ жол берет. 

 

Мындай четтѳѳ конституциялык-укуктук статуска ээ болгон жана мамлекеттик маанилүү функцияларды аткарган кээ бир кызмат адамдарга укуктук иммунитетти берүү зарылдыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

 

Мамлекеттин башчысы анын конституциялык-укуктук статусуна жараша мамлекеттик бийлик тутумунун бирдиктүүлүгүн жана туруктуулугун, бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бѳлүнүү шартында анын натыйжалуу иштѳѳсүн камсыз кыла ала турган кѳлѳмдѳгү ыйгарым укуктарга ээ кылынган.

 

Ушуга байланыштуу, мамлекет башчысына жүктѳлгѳн милдеттердин мазмунуна жана мүнѳзүнѳ ылайык Конституция, аны жоопкерчиликке тартуунун ѳзгѳчѳ тартибин орнотуу аркылуу ага укуктук иммуниттетти берди.

 

Шайлоо жолу менен бийликтин легитимдүү алмашуу касиетине ээ болгон демократиялык мамлекеттин шарттарында, ошондой эле бир эле адамды Президент кылып эки жолу шайлоого тыюу салуу түрүндѳгү чектѳѳнү эске алуу менен экс-президенттин укуктук иммунитети Президенттин милдетин аткаруу убагында ага жүктѳлгѳн функцияларды натыйжалуу жана сырткы факторлордон кѳз карандысыз аткарууну камсыз кыла ала турган тиешелүү жүрүм-турумга оң мотивациялоого түрткү берүүчү ѳтѳ маанилүү укуктук ѳбѳлгѳлѳѳчү каражат болуп саналат.

 

Экс-президенттин кол тийбестиги мамлекеттин иштеп жаткан башчысына укуктук кепилдиктерди берүү боюнча конституциялык жоболордун логикалык уландысы жана ажырагыс элементи болуп саналат. Ошондуктан Президенттин ыйгарым укуктарын токтоткон адамга «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси менен бекитилген укуктук иммунитетти берүү президент институтунун натыйжалуу иштѳѳсүн камсыз кылуунун укуктук инструменти катары чыгууда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт.

 

Конституциялык палата, ошондой эле, экс-президенттин укуктук иммунитети так укуктук чектерге ээ болушу керек, ал эми иммунитеттен ѳтүү жѳнүндѳ жыйынтыктоочу чечим алдын ала жоболордон кѳз карандысыз жана иштеп жаткан Президентти кызматтан четтетүү жѳнүндѳ чечимди кабыл алуудан оор болбошу керек, антпесе каралып жаткан укуктук механизм Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигин камсыз кылуу боюнча коомдук, конституциялык маанилүү милдетин аткарууда камтылган ѳзүнүн баштапкы багытын жоготот деп белгиледи.

 

Ушуга байланыштуу Конституциялык палата талашылып жаткан ченемди экс-президенттин кол тийбестигин ѳтүү жол-жоболорунун жок болгон бѳлүгүндѳ конституциялуу эмес деп таануу менен, Ѳкмѳткѳ кабыл алынган чечимдин жүйѳлѳѳчү бѳлүгүндѳ чагылдырылган укуктук кѳз карашка ылайык «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү демилгелѳѳнү тапшырды.