Меню навигации+

Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын 6-жайкы мектебинде эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укук талкууланды

25.09.2018

 

 






 

Учурдагы жылдын 17-сентябрынан тартып 21-сентябрын кошкондо Туркия Республикасында Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын ассоциациясынын 6-жайкы мектеби өткөрүлдү, анын ишине Конституциялык палатанын аппаратынын персоналды башкаруу жана документациялык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эльнура Мусаева катышып келди.

 

Жайкы мектеп Туркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган, ал АКСА ишмердиги алкагында Кесиптик даярдоону жана адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча борбордун милдетин аткарууда.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Э.Мусаева эркиндикке жана кол тийбестикке болгон укук маселесин кароодо Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын тажрыйбасы жөнүндө тематикалык баяндама жасаган.

 

Жайкы мектептин ишине Албания, Азербайджан, Болгария, Индонезия, Казакстан, Кипр, Косово, Корея, Кыргызстан, Малайзия, Монголия, Таджикистан, Таиланд, Украина жана Черногориянын конституциялык контролдоо органдарынын өкүлдөрү катышты.