Меню навигации+

Конституциялык палата ар жылдык Конституционализмдин Жайкы мектебин өткөрдү

13.07.2018

аотапрвапвкпкп

 







































Учурдагы жылдын 9-12-июльда Конституциялык палата Ысык-Кѳлдүн жээгинде Адвокаттар, ӨЭУ, ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ЖМК өкүлдөрү үчүн Конституционализмдин Жайкы мектебин өткөрдү.

 

Конституционализмдин Жайкы мектептери Конституциялык палата тарабынан 2014-жылдан тартып ар жылы жана катышуучулардын Конституциялык палатанын ишмерлиги тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

 

Бул иш-чаранын алкагында Конституциялык палатанын судьялары жана аппарат кызматкерлери мамлекеттик органдар тутумунда Конституциялык палатанын ролу жана орду, анын ыйгарым укуктары, конституциялык сот өндүрүшү стадиялары жана Конституциялык палатадагы иштерди кароону өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.

 

Аудиториядагы угуучуларга карай лекторлор катышуучулардын көңүлүн Конституциялык палатанын ишмерлигиндеги белгилүү учурларынан баса бурушту.

 

Маселен, адвокаттар менен ӨЭУ өкүлдөрүнө Конституциялык палатага кайрылууну туура берүү боюнча, ал эми ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө конституциялык сот өндүрүш процессине мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуу өзгөчөлүктөрү жана Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруунун болгон проблемалары тууралуу маалымат берилген, журналисттерге болсо Конституциялык палатанын чечимдери боюнча маалымат материалдарын жазуу боюнча практикалык жумуш уюштурулду.

 

Конституционализмдин Жайкы мектеби “Адилет” Укуктук клиникасы” коомдук фонду тарабынан «Bread for the World» Германия фондунун долбоору алкагында өткөрүлгөн.