Меню навигации+

Конституциялык палатанын судья-катчысы Дүйнөнүн Жогорку судьяларынын XIX эл аралык конференциясына катышты

22.11.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы М.Р. Бобукеева ушул жылдын 14-ноябрынан 20-ноябрына чейин Индия Конституциясынын 51-беренесине арналган «Аткарылуучу бүткүл дүйнөлүк укук жана натыйжалуу ааламдык башкаруу аркылуу дүйнөнүн балдар үчүн биригүүсү» темасындагы Дүйнөнүн Жогорку судьяларынын XIX эл аралык конференциясына катышты. Конференция Монтессори Мектеби (Лакхнау ш., Индия) тарабынан уюштурулган, аны Джагдиш Ганди 1959-жылы түзгөн.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы М.Р. Бобукеева «Эл аралык соттук жигердүүлүк жана Кыргыз Республикасынын конституциялык контролдоо органынын соттук тажрыйбасы» темасында баяндама жасады.

 

Аталган эл аралык конференцияга дүйнөнүн 70тен ашуун сот тутумунун өкүлдөрү катышты, анын жүрүшүндө төмөнкүдөй маселелер  талкууланды: дүйнө жана биримдик маданиятын калыптандыруу; мыйзам үстөмдүгүн орнотуу; адам укуктарын камсыз кылуу; эл аралык сот жигердүүлүгү; эл аралык укук менен улуттук мыйзамдардын айкалышуусу; региондук жана эл аралык террорчулук, этникалык жана жарандык согуштар, качыкандардын укуктарын коргоо ж.б. ушул сыяктуу глобалдуу көйгөйлөрдүн чечилиши.

 

Бул ар жылдык эл аралык конференциясынын негизги максаты бүткүл адамзаттын коопсуз келечегин камсыз кылуу үчүн, өзгөчө дүйнөнүн эки миллиарддан ашуун балдар жана бүткүл дүйнөдө олуттуу кабыл алынууга милдеттүү болгон дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн сот бийлигинин өкүлдөрүнүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу жолу менен келечектеги муун үчүн глобалдуу биримдик атмосферасын жана тынчтыкты түзүү болуп саналат.

 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Индия Конституциясынын 51-беренесине ылайык:
«Мамлекет төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга умтулат:
a) эл аралык тынчтык менен коопсуздукка көмөктөшүүгө;
b) мамлекеттер ортосунда калыстыкка жана сый-урматка негизделген мамилелерди колдоп турууга;
c) эл аралык укукка сый-урматты колдоого;
d) арбитраж аркылуу эл аралык талаш-тартыштардын жөнгө салынышын көмөктөшүүгө».