Меню навигации+

«Конституциялык идеалды издөөдөгү салыштырма укук таануу» аталыштагы эл аралык конгресси Москвада болуп өттү

09.12.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т. Мамыров учурдагы жылдын 7-8-декабрларында «Конституциялык идеалды издөөдөгү салыштырма укук таануу» салыштырма укук таанунун VIII эл аралык конгрессине катышып келди. VIII эл аралык конгресс РФ Өкмөтүнө караштуу Мыйзамдар жана салыштырма укук таануу институту тарабынан Укук аркылуу демократия үчүчн Европа комиссиясы (Европа кеңешинин Венеция комиссиясы) менен бирге уюштурулган. Конгресске 350 окумуштуулар менен Россиянын жана Европа менен Азиянын 15 өлкөсүнөн мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү катышкан.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т. Мамыров «Кыргыз Республикасындагы конституциялык реформалар: жыйынтыктар жана перспективалар» темасында баяндама жасаган. Конгресстин пленардык отурумунда чет өлкөдөн келген башка чакырылган коноктор, ошондой эле россиялык юриспруденциянын классикасынын өкүлдөрү да баяндамаларын жасашкан.

 

Конгресстин биринчи күнү кийинки төрт секциялык отурумдар: «Салыштырма укук таануу: учур чак жана келер чак (методдон илимге)»; «Дүйнөлүк конституциялык өнүгүүдөгү россиялык конституционализм (РФ Конституциясынын 25 жылдыгына жана РСФСР Конституциясынын 100 жылдыгына карата)»; «Салыштырма укук таануу жана эл аралык укук»; «Салыштырма укук таануу өңүтүнөн цифровизациянын укуктук концепттери» жана кийинки төрт тегерек столдор алкагында өттү: «Эл аралык сот адилеттигинде салыштырма укук таануу»; «Саясий тутумдун конституциялык идеалы»; «Салыштырма укук таанууну өнүктүрүүдө юридикалык журналдардын ролу»; «Укуктун негизинде коррупцияга каршы күрөшүү».

 

8-декабрь күнү дагы үч секция өткөрүлдү: «Жеке укукта салыштырма методду колдонуу: артыкчылыктар жана артыкбаштыктар»; «Салыштырма метод: жазык жана жазык-процесстик укук»; «XXI кылымдын Конституциясынын жаштар секциясы: долбоорлор, чектер, идеалдар».

 

Конгресстин программасы алкагында Академик Т.Я. Хабриеванын (РФ) жана профессор Бертран Матьенин (Франция) монографиясынын бетачары болуп өттү.

 

VIII Салыштырма укук таануунун эл аралык конгрессинин жыйынтыгында кийинкидей резолюция кабыл алынды:

1. Улуттук эмгемендүүлүктү камсыз кылуунун жана эл аралык укуктук тартипти бекемдөө кызыкчылыгында салышытрма укук таануунун актуалдуу проблемаларын изилдөө улантылсын.

2. Азыркы коомдун жана дүйнөлүк коомчулуктун орчундуу адеп-укуктук негиздери катары конституциялизмдин принциптерин талдоо тереңдетилсин.

3. Улуттук мыйзамдардын өнүгүүсүнө жана укук колдонуучулуктун ыкмаларынын омоктуулугуна конституциялык таасир этүүнүн механизмдерин изилдөө кеңейтилсин.

4. Мамлекеттин аймагында конституциянын үстөмдүгү принциптерин сакталышынын орчундуу фактору катары жарандардын жогорку конституциялык укуктук аң-сезиминин калыптануусуна өзгөчө көңүл бурулсун.

5. Конституцияны принциптери менен ченемдеринин демократиялык дареметин жүзөгө ашыруу боюнча илимий-тажрыйбалык ишмердиктин маселелерин иштеп чыгуусу үчүн кеңири кулач жайылсын.

6. Мамлекеттердин аймагында жана эл аралык мамилелерде конституционализмдин принциптерин бузган экстремисттик күчтөргө жигердүү каршылык көрсөтүү актуалдуу милдет деп таанылсын.

7. Салыштырма укук таануу жаатында укуктук изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жана юиридикалык билим берүүнү жогорулатуу үчүн илимий жана окуу мекемелеринин илимий ишмердигинин координациясы илгерилетилсин.