Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасынын орун басарына «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардактуу наам ыйгарылды

03.09.2018

Ушул жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык,  интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

 

Аталган жарлыкка ылайык Киргизбаев Куанбек Манаевичке - Конституциялык палатанын төрагасынын орун басарына «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» деген ардактуу наам ыйгарылды.