Меню навигации+

Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери Конституциялык палатанын ишмердиги менен таанышты

27.09.2018

 



Бүгүн Кыргызстан Эл аралык университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттери Конституциялык палатанын ишмердиги менен таанышты.

 

Сереп экскурсиянын жүрүшүндө студенттерге Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары, Конституцияны, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча орган катары анын функциялары жана милдеттери тууралуу маалымат берилди. Конституциялык палатанын аппаратынын кызматчылары конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердиги тууралуу студенттерге айтып беришти.

 

Студенттер өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуулар боюнча сот процесстери өткөрүлүүчү сот отурумдар залын жана Конституциялык палата жөнүндө кыскача видео ролик көрүштү.

 

Борбор шаарынын студенттери үчүн Конституциялык палата тарабынан ушул өңдүү иш-чаралар бат-баттан өткөрүлүп турарын жана конституциялык контролдоо органдарынын ишмердиги тууралуу коомго маалымат берүү боюнча маанилүү багыттардын бири жаштар менен жигердүү иш алып баруу экендигин белгилейбиз.