Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 14 аныктамасына Ольга Ивановна Василенконун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн Калдыбай Ашимбекович Каунаштын даттануусун кароо жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

05.07.2018

2018-жылдын 15-мартында О.И. Василенконун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн К.А. Каунаштын Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 375-беренесинин 2-бѳлүгүн, 379-беренесинин 1, 4, 5-бѳлүктѳрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ кайрылуусу келип түшкѳн.

Судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 14 аныктамасы менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарынын негизинде өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.

К.А. Каунаш жогоруда аталган аныктама менен макул болбостон, 2018-жылдын 26-июнунда Конституциялык палатага даттануу менен кайрылган.

Конституциялык палата 2018-жылдын 5-июлунда даттанууну карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырды.

Конституциялык палата, ѳз токтомунда К.А. Каунаш даттануусунда судьялар коллегиясынын тыянактары менен шартталган жана аны менен даттанылып жаткан аныктаманы жокко чыгарууга багытталган аргументтерди келтирген эмес деп белгилеген.

Конституциялык контролдун укуктук маңызы болуп, ченемдик укуктук актылардын же алардын бир бѳлүгүнүн конституциялуулугунда күмѳндүүлүктү анык жаратуучу укуктук мүнѳздѳгү ынандыраарлык жүйѳлѳр болгондо, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү саналат.

Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамда Конституциялык палатага болгон кайрылууну тариздѳѳ жана арыздануучунун ѳзү койгон маселе боюнча кѳз карашын негиздѳѳгѳ карата бир катар талаптар каралган (20, 24, 25 жана 28-беренелер).

Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык арыздануучу ѳз кайрылуусунда коюлган маселе боюнча көз карашын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү ченемдерине шилтеме келтирүү менен укуктук негиздемесин келтирүүгѳ милдеттүү. Бул талап арыздануучунун жүйѳлѳрү фактологиялык эмес, укуктук мүнѳздѳ болушу керек, конституциялык орнотмолор менен тутумдаш байланышта болуп, аны менен талашылып жаткан укук ченеминин жөнгө салуу таасиринин конституциялуулугунда анык күмѳндүүлүктү пайда кылышы керек дегенди билдирет.

Бирок, К.А. Каунаштын кайрылуусу жана даттануусунун мазмуну укук колдонуу тажрыйба чѳйрѳсүндѳгү кѳйгѳйлѳр жѳнүндѳ жана арыздануучу тарабынан талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченемдеринин конституциялуулугунда күмѳндүүлүктү жаратуучу укуктук аргументтердин болбогондугу тууралуу гана күбѳлѳндүрѳт.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын аныктамсын жокко чыгаруу жана арыздануучунун даттануусун канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.