Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыровдун ЕККУ өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп ѳттү

18.12.2018

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т. Мамыровдун ММКнын азаттыгы боюнча өкүлү Арлем Дезир мырза баштаган ЕККУ делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Төрага Конституциялык палатанын ишмердиги (Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары, Конституциялык палатага кайрылуу тартиби, кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу ж.б.) жөнүндө жалпысынан айтып берди жана Кыргызстандагы конституциялык контролдоо органынын ишмердигине кызыкчылыгын арткан үчүн Арлем Дезир мырзага ыраачылыгын билдирди.

Өз кезегинде, ЕККУ өкүлү «Судьялардын Борбордук Азиялык диалогу» биринчи регионалдык конференциясында карала турган маселелер тууралуу маалымат берди жана Конституциялык палатанын төрагасына чакыруу берип, Төрага чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Арлем Дезир мырза бул сыяктуу конференция Борбордук Азияда биринчи жолу уюштурулууда жана ал ийгиликтүү ѳткѳн учурда, бул ѳңчѳй иш-чаралар Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө өткөрүлө турганын жана Кыргызстан бир катар конференциялардын башатында болорун билдирди.

Жалпы жонунан, Арлем Дезир мырзанын ой-жүгүртүүлөрү сөз жана басма сөз эркиндигинин, «Интернет» бүткүл дүйнөлүк желесинин өнүгүүсү шартында террорчулукка жана экстремизмге каршы аракеттеринин мыйзамдагы кепилдиктери туурасында болду. Ошондой эле ММКнын азаттыгы боюнча ЕККУ өкүлү Кыргызстан Кылмыш-жаза кодексинин инсандын намысына жана кадыр-баркына шек келтирилген маалыматты жайылтуу үчүн ченемдерин декриминализациялаган Борбордук Азиядагы биринчи мамлекет болуп саналарын белгилеп кетти.