Меню навигации+

Б.А. Джолдошалиева, А.К. Алагушев, Н.А. Алишева, Б.Дж. Усенова жана А.Б. Исаеванын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

18.10.2018

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 17-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, чечим чыгарды, ага ылайык Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана аброюн коргоодо анын макулдугун алышы керек.

 

Талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана аброюн Башкы прокурор тарабынан коргоо маселелерин регламенттечи.

 

Конституциялык палата өз чечимин төмөнкү тыянактар менен негиздеди.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти, эл тарабынан шайланып, коомдук бийликтин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында жалпы калктын кызыкчылыгын көздөйт жана анын жүзөгө ашырылышын камсыздайт. Бул сапатта, бийликтин бардык бутактарын координациялоо жана бириктирүү ишин алып барып жатып, өлкөнүн Президенти мамлекеттик бийликти эл менен бириктирүү функциясын камсыздайт. Бул мамлекет башчысынын мамлекеттик бийлик тутумунда өзгөчө орунга жана ролго ээ экенин билдирет.

 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык укуктук статусун эске алганда, мамлекет башчысынын ар-намысын жана аброюн коргоонун өзгөчө процессуалдык тартиби мыйзам менен орнотулушу мүмкүн. Президенттин ар-намысын жана аброюн коргоону Башкы прокурорго жүктөгөн мындай тартип, мыйзам менен камсыздалган, коомдук-укуктук мүнөзгѳ ээ болгон жана Президент тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик функциялар менен анын Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген статусуна жараша Президентти жогорулатылган кайтарууну камсыздоого багытталган укуктук иммунитеттин (кол тийбестиктин) элементтеринин бири катары колдонулат.

 

Президенттин ар-намысын жана аброюн коргоо Президенттин ѳзүнүн инсандыгына кол салуудан гана эмес, мамлекеттик бийликтин маанилүү институттарынын бирин коргоону болжойт жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн зарыл болгон фундаменталдык түзүүчү катары мамлекеттүүлүктү чыңдоо максатын көздөйт.

 

Мында Башкы прокурор өлкөнүн Президентинин ар-намысын жана аброюн коргоо боюнча жарандык процессте анын өкүлү катары эч кандай алып салуулар жана жеңилдиктерсиз, жарандар катары эле процессуалдык укуктарга ээ болот жана доочунун бардык процессуалдык милдеттерин алат. Муну менен бирге Башкы прокурорго Президентке маалым кылбастан жана анын макулдугусуз ар-намысын жана аброюн коргоо укугун берген талашылып жаткан ченем, ага доочунун же болбосо жоопкердин процессуалдык укук жана милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча кенен дискрециялык ыйгарым укуктарын берет, ѳз кезегинде бузулган укукту калыбына келтирүүнүн диспозитивдүүлүгүн эске алганда Башкы прокурор тарабынан бул укукту ишке ашыруу мамлекет башчысынын макулдугун талап кылат.

 

Ошондуктан, Башкы прокурор талашылып жаткан ченем менен ага берилген ыйгарым укуктарды иш жүзүнө ашыруунун алкагында жарандык укуктук тартипте, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан анын ар-намысын жана аброюн коргоо үчүн Президенттин макулдугу менен гана сотко кайрыла алат. Ар-намысты жана абройду коргоо жөнүндө доодо моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө да маселе коюлушун эске алганда, анын өлчөмүн түздөн-түз өлкөнүн башчысы аныкташы керек.

 

Антпесе, Конституция менен кепилденген укуктар жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарды сотто коргоону өз ыктыяры менен чечүү укугу бузулат, анткени Башкы прокурор ал адамдын ыктыярына каршы анын ар-намысын жана аброюн коргоо үчүн, моралдык зыяндардын суммасын өз алдынча аныктап, сотко кайрылат, жыйынтыгында бул мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принципке дал келбейт.

 

Ушуга байланыштуу Конституциялык палата талашылып жаткан ченемди Президенттин ар-намысын жана аброюн Башкы прокурор тарабынан коргоодо Президенттин макулдугун алуу тартибинин жок болгон бөлүгүндө гана конституциялуу эмес деп тааныды жана Өкмөткө «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана аброюн мүмкүн боло турган моралдык зыяндын суммасын аныктоо менен сот тартибинде коргоодо Башкы прокурор тарабынан анын макулдугун алууну караштырган өзгөртүүлөрдү демилгелөөнү жана талашылып жаткан ченемдин калган бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33 жана 104-беренелерине шайкеш келтирүүнү тапшырды.