Меню навигации+

А.А. Мамбековдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн М.Б. Султаналиевдин кайрылуусуна байланыштуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, 17-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

02.11.2018

Конституциялык палата 2018-жылдын 1-ноябрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, 17-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, чечим чыгарды, ага ылайык талашылып жаткан ченемдер, алардын тике маанисинен алганда Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылды. Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси, анын жазык сот өндүрушүндө жактоочу катары катышкан адвокаттарга карата ѳңчѳй жайылтылган бѳлүгүндѳ, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна,  40-беренесинин 1,  3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылган.

 

Талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына, жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына уруксат берүүнүн тартибин жөнгө салып келген.

 

Конституциялык палата өз чечимин төмөнкүдөй тыянактар менен негиздеген.

 

Конституция ар кимдин соттук коргоого болгон укугун бекитүү менен, ошондой эле ар кимге квалификациялуу юридикалык жардам алууга кепилдик берет (40-берененин 1 жана 3-бөлүктөрү)

 

Квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугу, адам кандай процесстик статуста сот ѳндүрүшүнѳ катышууга тартылганына карабастан, соттук процесстин алкагында анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же калыбына келтирүү үчүн квалификациялуу юридикалык жардамды ала турган шарттарды түзүүнү болжойт.

 

Бул конституциялык укукту ишке ашырууда Жазык-процесстик кодексинде шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун коргоого болгон укугу бекитилген. Аталган Кодекске ылайык жазык процессинде жактоочу катары адвокат гана катыша алат. Адвокат, өз кызматтарынын ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша сот адилеттигинин максаттарына жетишүү үчүн катышкан ѳзгѳчѳ субъект болуп саналат жана ага мыйзам менен конституциялык маанилүү функция жүктөлгѳн.

 

Мында, квалификациялуу юридикалык жардам берүү мындай жардамга муктаж болгон адамда адвокатты тандоо эркиндиги болгон шарттарда гана толук кандуу болушу мүмкүн, анткени алардын ортосундагы ишенимдүү мамилелердин болушу укуктук коргоонун натыйжалуулугунда чечүүчү болуп эсептелет. Адвокатты ѳз каалоосу менен тандоо укугу адилеттүү соттук процесстин пайдубал негиздеринин бири болуп саналат, анткени толук кандуу коргоонун негизги шарты болгон - адвокат менен корголуучунун ортосундагы ишенимди камсыз кылат. Бул жазык-процесстик мыйзамдардын жоболорунан жана Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттан келип чыгат (14-берене).

 

Бирок, эмгек мамилелеринде турган кызмат адамдардын, жарандардын мамлекеттик сырларга жетүү тартибин жөнгө салынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 15-беренесин адвокаттарга карата, алардын ишинин өзгөчөлүктөрүн жана жазык-процесстик мыйзамдардын жоболорун эске албастан ѳңчѳй колдонуу акталган эмес, анткени аталган тартип мамлекеттик сырларга жетүүгѳ уруксат берүүдѳн баш тартууну да болжойт.

 

Квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугу ѳзүнүн конституциялык мазмуну боюнча абсолюттук укук болуп эсептелген соттук коргоо укугунан тикелей келип чыгат жана чектелиши мүмкүн эмес, бул жазык процесстин бардык стадияларында жактоочунун тоскоолдуксуз катышуу мүмкүнчүлүгүн болжойт.

 

Талашылып жаткан ченемдердин колдонулушунун сот адилеттүүлүгүнүн максаттарына жетүү үчүн түздөн-түз катышкан субъекттер катары адвокаттарга жайылтылышы жана аларда мамлекеттик сырларга жетүүгѳ уруксаттын жоктугуна байланыштуу юридикалык жардам берүүгө тыюу салуу адамдардын квалификациялуу юридикалык жардамга болгон укугун ѳлчѳмсүз чектелишине жана акыр аягы алардын эч кандай чектелүүгѳ жатпаган соттук коргонууга болгон конституциялык укугунун бузулушуна алып келет.

 

Конституциялык палата, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Мыйзамдын 15-беренесинин жазык сот ѳндүрүшүндѳ жактоочу катары катышкан адвокаттарга карата ѳңчѳй жайылтылышын Конституцияга карама-каршы келет деп таануу менен, Ѳкмѳткѳ аталган Мыйзамга адвокаттардын мамлекеттик сырларга жетүүсүнүн ѳзгѳчѳ тартибин караштырган ѳзгѳртүүлѳрдү демилгелѳѳнү тапшырды.