Меню навигации+

Астанада Конституцияда укук үстөмдүгүнүн, жарандык коомдун жана заманбап мамлекеттин баалуулуктарын жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды

06.09.2018

2018-жылы 28-августта Назарбаев борборунда Казакстан Республикасынын Конституциясы күнүнө арналган «Конституция: укук үстөмдүгүнүн, жарандык коомдун жана заманбап мамлекеттин баалуулуктарын жүзөгө ашыруу» темасында эл аралык конференция болуп өттү. Анын ишине Казакстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн жетекчилери, кадырман эл аралык уюмдардын, жыйырмадан ашуун мамлекеттин конституциялык контролдоо органдарынын өкүлдөрү жана белгилүү окумуштуу-укукчулары катышты. Конституциялык палатанын атынан бул иш-чарага төраганын орун басары Куанбек Киргизбаев катышты.

Программага ылайык жарандык коомдун институттарын өнүктүрүүдө жана адам укуктарын коргоодо Конституциянын ролу маселелерине арналган талкуу сессиясында К.Киргизбаев «Конституциялык палатанын чечими укук булагы катары жана анын улуттук мыйзамдарды калыптандыруудагы орду» темасында баяндама жасады.

Конференция Республиканын Конституциялык кеңеши тарабынан Елбасы-Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин фонду, Европа Кеңешинин укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы (Венеция комиссиясы), ОБСЕ Программасынын офиси жана Астананын алдыңкы университеттери менен бирге өткөрүлдү.