Меню навигации+

«Укук үстөмдүгүн жана пайдубал укуктарды коргоодо жогорку сот бийлигинин ролу» темасындагы эл аралык конференция Стамбулда болуп өттү

17.12.2018

2018-жылдын 14-15-декабрларында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т. Мамыров Стамбул шаарындагы «Укук үстөмдүгүн жана пайдубал укуктарды коргоодо жогорку сот бийлигинин ролу» темасындагы эл аралык конференцияга катышып келди.

Конференцияда куттуктоо сөзү менен Туркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган чыгып сүйлѳдү. Конференцияны негизги максаты конструктивдүү жана жемиштүү диалог үчүн юридикалык платформаны түзүү, ошондой эле Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө болгон мамлекеттердин конституциялык/жогорку соттор/кеңештер жана ага шайкеш институттар арасында кызматташууну кеңейтүү болуп саналган.

Конференция Туркия Конституциялык соту тарабынан уюштурулган жана анын ишине ИКУга мүчө/байкоочу болгон 42 мамлекеттин конституциялык/жогорку сотторунун/кеңештеринин жана ага шайкеш институттардын башчылары катышкан.

Конференциянын сессиялык отурумдарында укук үстөмдүгү жана конституциялык сот тажрыйбасындагы адам укуктары, жогорку сот органдарында адам укуктарын жана укук үстөмдүгүн камсыз кылуу, ошондой эле укук үстөмдүгүн жана адам укуктарын коргоо ишинде ааламдык жана ички динамика маселелери талкууланган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т. Мамыров биринчи сессияда «Укук үстөмдүгүн жана негизги укуктарды коргоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ролу» темасында баяндама жасаган.

Конференциянын жыйынтыгында декларация кабыл алынган, анда конституциялык юриспруденцияда жана тажрыйбада жалпы кызыкчылыктарды туудурган маселелерди талкуу, ошондой эле укук үстөмдүгүн жана адам укуктарын илгерилетүү максатында маалымат, пикир жана алдыңкы ойлор менен алмашуу үчүн ушул өңдүү форумду үзгүлтүксүз өткөрүү зарылчылыгы белгиленген.

Ошондой эле конференциянын катышуучулары тарабынан тыгыз өнөктөштүктү түзүү мүмкүндүгүн изилдөөгө жана тийиштүү баяндаманы, анын ичинде бул форумдун келечектеги форматы боюнча сунуштарды даярдоого чакырылган Алжир, Индонезия, Нигерия, Пакистан жана Туркия конституциялык контролдоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Конференциянын катышуучулары, Индонезиянын кийинки форумду 2020-жылы алардын мамлекетинин аймагында өткөрүү демилгесин да колдошту.