Меню навигации+

КРнын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген КРнын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

20.09.2018

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасынын  конституциялуу эмес деп таануу жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келүүсү жѳнүндѳ чечим чыгарды.

 

Талашылып жаткан ченем ички иштер органдарынын кызматкерин, анын жакын туугандары оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгонуна, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылганына байланыштуу кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) бошотуунун негиздерин караштырган.

 

Конституциялык палата ѳз чечимин тѳмѳнкү жыйынтыктар менен негиздеди.

 

Адамдын укуктарын милдеттүү түрдѳ сактоонун пайдубал негиздеринин бири болуп Кыргыз Республикасынын  Конституциясы (16-беренесинин 2-бѳлүгүнүн экинчи абзацы) менен кепилденген кодулабоо жана бардыгынын мыйзам жана сот алдындында бирдей болуу принциптери эсептелет.

 

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясы бүтүндѳй коомдун коопсуздугу жана анын жашоо шарттарынын жакшы болушу кѳз каранды болгон конституциялык маанилүү максаттарда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектѳѳ мүмкүнчүлүгүнѳ жол берет.

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерин, анын жакын туугандары оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгонуна, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылганына байланыштуу кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) бошотуу ички иштер органдарында кызмат ѳтѳѳ укугуна болгон чектѳѳ болуп эсептелет.

 

Конституцияга ылайык мындай чектѳѳлѳргѳ мыйзам менен гана жол берилет. Бирок талашылып жаткан ченем мыйзам алдындагы акт менен киргизилген, буга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бѳлүгүнүн экинчи абзацынын талаптарына ылайык жол берилбейт.

 

Конституциялык палата, ошондой эле, талашылып жаткан ченем жалпылоо мүнѳзүнѳ ээ жана анын жѳнгѳ салуу таасири багытталган укук мамилелердин бардык аспектилерин эске албайт, бул укукту формалдуу аткарууга жана анын кѳздѳгѳн максаттарына ѳлчѳмдѳш эмес болушуна алып келет деп белгиледи.

 

Бул сыяктуу, укук коргоо органдарында кызмат ѳтѳѳнүн ѳзгѳчѳлүктѳрү менен шартталган чектѳѳлѳр дифференциацияланган жана деталдаштырылган болушу керек, конституциялык принциптерди бузуу жана жаңы акыйкатсыздыкты жаратуунун бардык мүмкүн боло турган тобокелдиктерин эске алышы керек.

 

Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата, талашылып жаткан ченемди конституциялуу эмес деп таанып, Ѳкмѳткѳ кабыл алынган чечимдин жүйѳлѳштүрүүчү бѳлүгүндѳ чагылдырылган укуктук кѳз карашка ылайык ички иштер органдарынын кызматкерлерин бошотуунун тартибин колдонуудагы укуктук жѳнгѳ салуусуна ѳзгѳртүүлѳрдү демилгелѳѳнү тапшырды.