Меню навигации+

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

01.10.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 30-сентябрында Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү боюнча  ишти карап чыгып, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын “жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган ...” деген сөздөр менен айтылган талашылып жаткан ченемдик жоболору Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.

 

Жарандардын билим алуу, анын ичинде диний билим алуу конституциялык укугун жүзөгө ашыруу үчүн диний билим берүү мекемесин түзүүдө, диний уюм, ишке ашыруу механизми болбогон, жарандардын тизмесин жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу процедурасын өтүүгө милдеттүү экендиги талашылып жаткан ченемдерде белгиленген.

 

Аскар кызы Ж. белгиленген ченемдер, миссионерлердин дин тутуу эркиндигине жана биригүү эркиндигине болгон укуктарын кемсинтет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний билим алуу укугун чектейт деп эсептейт.

 

Конституциялык палата өз чечиминде дин тутуу эркиндиги мамлекет тарабынан жарандардын диний ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу укугун жүзөгө ашырууда ар кандай тоскоолдуктардын пайда болуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган укуктук шарттарды түзүүнү болжойт, анткени көрсөтүлгөн укук эч чектелүүгө тийиш эмес укуктардын категориясына кирет деп белгиледи (Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-пункту).

 

Ошондой эле Конституциялык палата диний уюмду түзүү демилгечилери болгон жарандардын, Уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин жергиликтүү кеңештер менен аларды эсептик каттоого алуу үчүн макулдашуу талабын караштырган, каралып жаткан Мыйзамдын ченеми анын кароо предмети болгонун белгиледи. 2014-жылдын 4-сентябрындагы чечим менен талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанылган.

 

Көрсөтүлгөн Чечимде, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын 16-беренесинде бекитилген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоо принциптеринин негизинде диний уюмду түзүүнүн демилгечилери болгон жарандардын тизмесин жергиликтүү кеңештер тарабынан макулдашуу жергиликтүү маанидеги маселелерге таандык болушу мүмкүн эмес, анткени эсептик каттоого алуу функциялары дин иштери боюнча мамлекеттик органга жүктөлгөн.

 

Конституциялык палата, маңызы боюнча жарандардын Уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин чакырылган миссионерди эсептик каттоого алуу үчүн, ошондой эле диний билим берүү мекемесин каттоо үчүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу жөнүндө талашалып жаткан мыйзам жоболору өзүнөн өзү жарандардын ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу укугун жүзөгө ашырууда акталбаган жана жөнгө салуучу мааниси жок болгон тоскоолдук болуп саналат, ошону менен дин тутуу эркиндигине болгон укук, диний мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүүдө муктаждыктарды канааттандыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чектейт деп белгиледи.

 

Дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылган диний иш-аракеттер чөйрөсүндөгү эсептик каттоого алуунун мааниси, диний негизде коомдук тартипти туруксуздаштыруучу потенциалдуу коркунуч алып келген деструктивдүү диний уюмдардын же диний ишенимдердин идеологиялык таасиринин жайылышын болтурбоо максатында, мамлекеттик деңгээлде бирдиктүү саясат жүргүзүү зарылчылыгында жатат.

 

Ушуга байланыштуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дин иштери боюнча мамлекеттик органдын жардамы менен тийиштүү аймакта гана дин жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыра алат, анын максаты коомдук тартиптин корголушун камсыз кылуу, конфессия аралык ынтымакты жана динге сабырдуулукту чыңдоо, ошондой эле диний радикализмге жана экстремизмге каршы туруу болуп саналат.

 

Ошентип, Конституциялык палата “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган ...” деген сөздөр менен баяндалган талашылып жаткан ченемдердин ченемдик жоболору, Конституциянын диний ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу укугуна тыюу салууга кепилдик берген ченемдерине карама-каршы келет деген жыйынтыкка келди.