Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 515-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

20.01.2021

Конституциялык палата 2021-жылдын 20-январында Жазык-процесстик кодексинин «алардын макулдугу менен  чакыртылышы мүмкүн» деген сѳздѳр менен баяндалган 515-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, аны Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

Мында, аталган Кодекстин 515-беренесинин 1-бѳлүгү менен күбөнү, жабырлануучуну, анын өкүлүн, экспертти, эгерде алар чет мамлекеттин жарандары болуп эсептелсе, алардын макулдугу менен гана Кыргыз Республикасынын аймагында процесстик же соттук аракеттерди жүргүзүү үчүн чакыртуу мүмкүнчүлүгү каралган.

 

Конституциялык палата ѳзүнүн чечиминде, ЖПК бардык мүмкүн боло турган, анын ичинде жабырлануучу тараптын соттук процесске катышуусун камсыз кылуу мүмкүн эместиги менен шартталган кырдаалдарды тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы принцибин кошкондо, жазык сот ѳндүрүшүнүн принциптерин бузуусуз чечүү үчүн зарыл болгон бардык инструментарийлерди камтыйт деп белгиледи.

 

Ошентип, чет мамлекеттин жарандары болуп эсептелген жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон күбөнүн, жабырлануучунун, анын өкүлүнүн, эксперттин мүмкүн болгон жок болуусу кѳрсѳтмѳлѳрдү депонирлѳѳ институтунун болуусу менен компенсацияланган. Кѳрсѳтмѳлѳрдү депонирлѳѳ – бул жабырлануучуну, күбөнү кечиктирип суракка алуу жабырлануучунун, күбөнүн жашоосу жана ден соолугу үчүн коркунучка, анын катуу оорушуна, алардын алдыда боло турган чет жакка чыгуусуна же Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашап турушуна байланышкан объективдүү себептерден улам мүмкүн болбойт деп эсептөөгө негиздер болгон учурларда, мындай жабырлануучу, күбөнүн кѳрсѳтмѳлѳрүн тергөө судьясы тарабынан бекитүү.

 

Мындан тышкары, кандайдыр бир себеп боюнча жабырлануучунун жок болуусу ѳкүлчүлүк институтунун болуусу, жалпы маселелерди чечүүдѳн тышкары, жабырлануучунун кызыкчылыктарын коргогон мамлекеттик айыптоочунун жазык процессине милдеттүү катышуусу менен, ошондой эле жабырлануучуну, күбөнү суракка алууда видео байланыш режиминдеги техникалык каражаттарды пайдаланууга жол берүү менен компенсацияланат (ЖПКнын 43, 194, 285-беренелери).

 

Айыпталуучунун кызыкчылыктарына кайрыла турган болсок, мында жазык-процесстик мыйзамдарда олуттуу компенсациялык механизмдер бар. ЖПКнын 17-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, күнөөлүү делинген бардык шектенүүлөр, анын ичинде соттук талаш-тартышка жабырлануучу тараптын катышпагандыгына байланыштуу пайда болгондор да, эң эле радикалдуу жол менен чечилет жана айыпталуучунун пайдасына чечмелениши керек.

 

Каралып жаткан маселе жагынан алганда, эгер жабырлануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча чет ѳлкѳлүк адам болуп таанылса, бирок жашоо факты же башка себеп боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болсо, анда ага карата жазык-процесстик мажбурлоо чараларын колдонуунун чектери объективдүү чектелет, бул эл аралык укуктун талаптары менен шартталган.

 

Маселен, Кыргыз Республикасы  жарандык, үй-бүлѳлүк жана жазык иштери боюнча укук жардамы жана укуктук мамилелер тууралуу Конвенцияга кол койгон жана аны ратификациялаган (Минск ш., 1993-жылдын 22-январы), Россия Федерациясы, Латвия Республикасы, Азербайджан Республикасы жана бир катар башка ѳлкѳлѳр менен эл аралык келишимдерди түзгѳн. Бул эл аралык макулдашуулар чет ѳлкѳнүн жараны болуп саналган күбѳнүн, жабырлануучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин жана алардын ѳкүлдѳрүнүн, ошондой эле эксперттин соттун суроо-талабы боюча ыктыярдуу мүнѳздѳ гана келүүсү тууралуу жоболорду жана алар келбеген учурда мүмкүн боло турган санкцияларга жана мажбурлоолорго тыюуну камтыйт.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт деп жар салат (1-берененин 2-бѳлүгү). Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын бийлигинин үстѳмдүгү ар бир башка мамлекеттикиндей эле, мамлекеттин ичинде жайылат жана анын аймагы менен чектелет.

 

Башкы Ассамблеянын 1981-жылдын 9-декабрындагы 36/103 резолюциясы менен кабыл алынган Интервенцияга жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгѳ жол берилбестик тууралуу декларацияга ылайык, бир да мамлекет кандайдыр-бир башка мамлекеттин ички жана сырткы иштерине түз же кыйыр, кандай гана себеп менен болбосун кийлигишүүгѳ укугу жок. Ар бир мамлекет мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү, башка мамлекеттерге мамлекеттердин чегинде жана мамлекеттердин же мамлекеттердин тобу арасында кысым кѳрсѳтүү каражаты катары адамдардын укуктары тууралуу маселелерди колдонуу же бурмалоодон карманууга милдеттүү.

 

Ошону менен, жогоруда баяндалганга жана мамлекеттик эгемендүүлүк принцибине ылайык, Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргѳн чет ѳлкѳлүк жарандарга тарашы мүмкүн эмес.

 

Ошентип, Конституциялык палата талашылып жаткан ченемдик жобо жазык-процесстик мыйзамдардын мейкиндиктеги иштѳѳ мүмкүнчүлүктѳрүн эске алуу менен кабыл алынган, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделген жана бардыгынын сот жана мыйзам алдында бирдей болуусунун, чет ѳлкѳлүк жарандардын укуктарынын Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары менен бирдей болуусунун, жазык сот ѳндүрүшүндѳ тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугунун конституциялык кепилдиктерин бузушу мүмкүн эмес деген тыянакка келди.