Меню навигации+

Конституциялык палатанын соттук коллегиясы Н.А. Касымбековдун, Т.Б. Усубалиевдин жана «Реформа» саясий партиясынын кайрылууларын өндүрүшкө кабыл алды

02.11.2020

Конституциялык палатанын соттук коллегиясы жаран Н.А. Касымбековдун, Т.Б. Усубалиевдин жана «Реформа» саясий партиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык мыйзамынын жоболорунун конституциялуулугун текшерүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, өтүнүчтөрдү өндүрүшкө кабыл алды.

 

Жогоруда айтылган өтүнүчтөр бир соттук процеске бириктирилип, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык ишти кароого даярдыктар жүрүп жатат.