Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

24.12.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 23-декабрында КР Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди, эгер чыгарылган соттук акты менен ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары же мыйзам менен корголуп жаткан кызыкчылыктары бузулган болсо, аларга кассациялык доо арыз менен кайрылууга укук бербеген бөлүгүндө КР Конституциясына карама-каршы келет деп тааныган.

 

Конституциялык палата адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине соттук коргонуу укугу мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты болуп саналат, ал бардык башка конституциялык укуктар менен эркиндиктерге карата камсыз кылуучу – калыбына келтирүүчү иш-милдетти аткарат.

 

Соттук коргонуу анын жеткиликсиздигинде мүмкүн эмес. Мамлекет жарандар үчүн сот адилеттигин формалдуу колдонуусун гана камсыз кылбастан, ушул укуктук каражаттын натыйжалуулугун кепилдеген мыйзам чыгаруу механизмдерин түзүүгө милдеттүү.

 

Жаңылыш актыны четтетпестен бузулган укуктарды калыбына келтирүү мүмкүн эмес, ал жогору турган инстанцияга даттануу аркылуу ишке ашат.

 

Чыгарылган соттук акты менен ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары менен кызыкчылыктары бузулган жактар деп талаш-тартыштын тарабы болбогон, бирок анын бүтүмүнө кызыктар болуусу негизделген, чыгарыла турган соттук акт менен укуктары менен кызыкчылыктарынын бузулушу мүмкүн субъектилерди болжойт. Мындай жактардын процесске катышуусунун башкы өзгөчөлүгү алар акыйкатты табууга көмөктөшөт, келечекте болуучу жагымсыз кесепеттерден өзүн коргойт. Айрым учурлардан тышкары, алар процесстин башка тараптары сыяктуу эле укуктарды пайдаланат жана милдеттүү болушат, демек, сот аларды далилдөөнүн тең укуктуу субъектилери деп таануусу керек. Көрсөтүлгөн жактардын пикирин жана далилдерин эске албастан чыгарылган соттук акт негиздүү жана адилеттүү болуп саналышы мүмкүн эмес.

 

Ишке мурда катышууга тартылбаган жарандардын укуктары менен милдеттери туурасында сот кабыл алган чечимге, талашылып жаткан ченемдин диспозициясына ылайык укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган жарандар төмөн турган соттук инстанциялардын мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларын кассациялык тартипте даттануу укугуна ээ эмес. Бул жагдай Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүнө жетишүү деңгээлин кыйла төмөндөтөт.

 

Эгер ишке катышууга тартылбаган жактын укуктары менен эркиндиктерин соттук чечим бузган болсо, анын бузулган укуктарын калыбына келтирүү үчүн сот процессинин түздөн-түз катышуучулары менен бирдей укуктук каражаттарга ээ болууга тийиш.

 

Баяндалганды эске алуу менен, Конституциялык палата Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгү ишке катышууга тартылбаган жактардын соттук актыга кассациялык даттануу берүүгө укуктуулардын тизмесинен алып салуу менен, сотко кайрылууда кызыктар субъектилердин процесстик укуктарына чектөө жана өлчөмсүз айырмачылыкты киргизет деген тыянакка келди.