Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери Конституционализм мектебине катышты

12.12.2019

Бүгүн, 12-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери жана коомдук жардамчылары Конституционализм мектебине катышты.

 

Иш-чара «Адилет Укуктук Клиникасы» коомдук фондунун конституциялык сот адилеттиги боюнча долбоорунун колдоосу менен Конституциялык палата тарабынан уюштурулду.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Конституционализм мектебин ачып жатып, бул орган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында негизги жана пайдубал институттарынын бири деп белгилеп кетти. Ушуга байланыштуу, ушул органдын кызматкерлери Конституционализм мектебинин угуучулары болуп санааларын баса белгиледи.

 

Семинардын жүрүшүндө судьялар Конституциялык палатанын мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда орду жана ролу, анын ыйгарым укуктары, Конституциялык палатага кайрылуунун жалпы талаптары, Конституциялык палатада ишти кароонун өзгөчөлүктөрү, талашылып жаткан ЧУАнын конституциялуулугун баамдоодо конституциялык контролдоо органдарынын ыкмалары, Конституциялык палатанын чечимдеринин юридикалык күчү жана аларды аткаруу механизмдери жөнүндө катышуучуларга айтып беришти.

 

Иш-чаранын аягында катышуучуларга сертификаттар берилди.