Меню навигации+

Прокуратура органдарынын кызматкерлери Конституционализм мектебине катышты

25.10.2019

Ош шаарында учурдагы жылдын 25-октябрында Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош областынын прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн Конституционализм мектебинин сабактары окулду.

 

Конституционализм мектеби конституциялык сот өндүрүшүнө катышкан прокуратура органдарынын өкүлчүлүк деңгээлин көтөрүү максатында Конституциялык палата тарабынан уюштурулду. Конституциялык палатанын судьялары жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери конституциялык сот өндүрүшүнүн ар кайсы стадиясында катышуунун, башка жак катары көз карашты даярдоо, Конституциялык палатанын чечимдерин аткарылуусунун, укуктук талаш-тартыштарды чечүүдө Конституциялык палатанын актыларын колдонуу тартиби жөнүндө семинардын катышуучуларына атйып беришти.

 

Жалпысынан, иш-чарага өлкөнүн көрсөтүлгөн региондорунун прокуратура органдарынын 25 кызматери катышты.