Меню навигации+

Конституциялык палатанын тѳрагасы К.А. Дуйшеевдин «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстѳмдүгү – 2-фаза» Программасынын жетекчиси менен жолугушуусу болуп ѳттү

06.02.2020

 




 




Бүгүн, 2020-жылдын 6-февралында, Конституциялык палатанын тѳрагасы К.А. Дуйшеев «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстѳмдүгү – 2-фаза» Программасынын жетекчиси менен жолугушту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндѳ бул Программанын техникалык колдоосу менен тартылган Конституциялык палата жѳнүндѳ кыскаметраждуу роликтин презентациясы, ошондой эле анын жардамы менен ишке ашырылган башка иш чаралар болуп ѳттү. Ошондой эле тѳрага ѳзүнүн саламдашуу сѳзүндѳ Стефанос Кареклас мырзага кѳрсѳтүлгѳн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирип, Конституциялык палата Программа менен болгон кызматташтыкты жогору баалаарын билдирди, анын пикири боюнча бул кызматташтык укуктун үстѳмдүгү принцибин Кыргыз Республикасында мындан да чыңдоого жана популяризациялоого кѳмѳктѳшѳт.

 

Өз кезегинде, Стефанос Кареклас мырза бул Программанын конституционализмдин идеяларын чыңдоодогу маанилүүлүгүн белгилеп ѳттү жана анын колдоосу менен аткарылган иш чаралар тууралуу маалымат үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 

Андан ары, тараптар 2020-жылга карата Иш планды талкуулашты жана аталган маселелер боюнча кызматташтыктын мындан ары чыңдалышына жана өнүгүшүнѳ үмүтүн билдиришти.