Меню навигации+

КМЮА студенттери Конституциялык палата менен таанышты

01.11.2019

Бүгүн, 1-ноябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын студенттери Конституциялык палатанын иши менен таанышты.

 

Соттун имаратынын ичинде таанышуунун жүрүшүндө, студенттер Конституциялык палатанын судьялары жана Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекичлери менен аңгемелешти жана аларды кызыктырып жүргөн суроолоруна жооп алышты. Судьялар жана бөлүмдүн жетекчилери Конституциянын улуктугун камсыз кылуу боюнча Конституциялык палатанын ишмердиги жана чечимдерди кабыл алуунун тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти.

 

Жалпысынан, иш-чарага аталган Жогорку окуу жайынын 15 студенти катышты.