Меню навигации+

Н.А. Касымбековдун, А.С. Кодуранованын, И.Ю. Карамушкинанын, М.Г. Мадеминовдун, А. Артыковдун, К.Б. Орозовдун, Т.Б. Усубалиевдин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын жана 2-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

24.10.2019

Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктеринин чыгыш теги табигый, бирок алардын көлөмүнүн абалы адам же жаран кайсы бир конкреттүү социалдык шарттарга туш болгондо ошого жараша өзгөрүп турушу мүмкүн. Андай шарттардын бири адам өз ыктыяры менен өзүнө социалдык ролду алуусу менен, ошого жараша өзүнө үлгүлүү жүрүм-турум милдеттенмесин дагы бирге алат.

 

Коом жашоонун иретин камсыз кылган механизми болмоюн жашай албайт. Андай механизм катары мамлекет иштейт, анын негизги курулуш принциптери Конституцияда белгиленет.

 

Мамлекеттик башкаруунун уюштуруучулук негизи болуп мамлекеттик аппарат саналат, ал кызматчылардан, органдар тутумунан жана кызмат адамдарынан турат. Мамлекет коомго жана анын ар бир мүчөсүнө карата ар кандай мажбурлоо ыкмаларын мыйзамдуу түрдө колдонууга амири бар, ошондуктан коом анын ишмердиги, анын ичинде бийликтин жана мамлекеттик-бийлик ыйгарымдары бар адамдар тарабынан өз билемдигин жокко чыгарууга багытталган белгилүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү аркылуу катуу чектелмейин жашай албайт.

 

Ошентип, мамлекеттик-бийлик жаатында жүргөн адамдын аткарып жаткан милдеттерине жараша анын укуктук статусу да мерчемдүү түрдө өзгөрүлүп, катардагы адамдын же жарандын укуктук статусу менен бирдей болушу мүмкүн эмес.

 

Ошондуктан Конституция аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерине да чектөөлөр киргизилиши мүмкүн дейт (20-беренесинин 2-бөлүгү). Ошентип, мыйзам чыгаруучу мамлекеттик кызматка киришейин деген адамдарга алардын кесиптик даярдыгына, ишчил жана моралдык-этикалык сапаттарына көтөрүңкү талаптарды коюуга, ошондой эле мүмкүн болуучу жүрүм-турумдун чектерин орнотууга укуктуу. Ошондуктан, жарандар мамлекеттик кызматка кирген учурда адамдын жана жарандын Конституция тарабынан кепилденген укуктары менен эркиндиктери белгилүү чектөөгө дуушар болушуна ыктыярдуу түрдө макулдугун бергенин дагы билүүсү керек.

 

Мамлекеттик бийлик саясий, атайын, административдик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген кызматчылар тарабынан камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын жогорку саясий мамлекеттик кызматы болуп Президенттин кызмат орду саналат. Мамлекет башчысына көз карандысыздыктын өлчөмдөш кепилдиктери жана коргонуунун укуктук каражаттары берилген учурда гана ал өзүнө жүктөлгөн милдеттердин мазмуну менен мүнөзүнө ылайык толук кандуу жана натыйжалуу аткаруусу мүмкүн.

 

Ошол эле учурда, Конституция экс-президенттин укуктук статусу жөнүндө маселени атайын өзүнчө бөлүп чыгарып, Президенттин ыйгарым укуктарын өткөрүп берген адамдын укуктук абалынын маанилүүлүгүн белгилейт. Башкача айтканда, экс-президент үчүн мыйзамда өмүрүнүн аягына чейин каралган укуктук жана социалдык кепилдиктер жыйынды катары, өзүнүн функционалдык милдеттерин толук кандуу аткаруу үчүн зарыл шарт катары, келечекте иштей турган Президент үчүн аныктыкты жана стабилдүүлүктү канааттандырган укуктук механизм болуп саналат.

 

Ошон үчүн, бул укуктук каражаттар президент үчүн сыйакы же жеке артыкчылык чарасы катары бааланбастан, иштеп турган Президенттин ишмердигин тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу боюнча тизгиндөө жана тең салмактуулук тутумун ишке киргизүү үчүн зарыл болгон конституциялык-укуктук орнотмолор тутумун түзөт. Ал эми мындай укуктук каражаттардын болбогондугу Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде кооптонгон жасаар-жасамаксан болгон аракеттерге алып келип, улуттук кызыкчылыктарга зыян келтириши мүмкүн.

 

Тизгиндөө жана тең салмактуулук механизминин башкы курамдык бөлүктөрүнүн бири болуп, бийликтин натыйжалуулугун, алмашылып туруусун, коом алдында жоопкерчилигин жана баштуулугун, ошондой эле бийликтин өз билемдигинен жеке инсандын укуктук корголушун камсыз кылган конституциялык коопсуздук тутуму саналат. Конституциялык коопсуздукту камсыз кылуунун ыкмаларынын бири болуп мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын кызмат адамдарынын конституциялык-укуктук жоопкерчилигин, ошондой эле жүрүм-турумдун тийиштүү үлгүсүн жаратуучу инсандарга карата талаптардын жана чектөөлөрдүн орнотулушу саналат.

 

Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруудан экс-президент статусуна өтүүнүн конституциялык процессинин динамикасы, ошондой эле мыйзамга ылайык экс-президентке берилген кепилдиктердин жыйындысы, экс-президент үчүн инсан катары коомдун аң-сезиминде маанилүү ордун сактап калууга жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна оң жана терс багыттагы таасирин тийгизүүгө жол берет. Дал ушул жагдай экс-президенттин коомдук наамынын салмактуулугуна касиет кошот, мына ушуга байланыштуу ага карата конституциялык-укуктук жоопкерчилик чаралары, анын ичинде, мыйзам чыгаруучунун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон ишмердикти жүзөгө ашыруудан чектеген талаптар түрүндө дагы чектөөлөр колдонулушу мүмкүн болгон субъект болуп саналат. Мына ушуга байланыштуу, экс-президенттин укуктарын чектелишин киргизүү, ошондой эле ушул талаптар аткарылбаган учурда мыйзам чыгаруучу тарабынан жоопкерчиликтин орнотулушу анын эркинин алкагында жүзөгө ашырылган жана Конституциялык палата тарабынан улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган өлчөмдөш чаралар болуп баамдалат жана экс-президенттин укуктук абалы менен шартталган, жана да Конституцияга карама-каршы келбейт.

 

Ошону менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардан улам мерчемдүү милдеттенмелери бар экс-президенттин наамындагы адам бул макамдан ыктыярдуу түрдө баш тартууга жана катардагы жаран катары Конституцияда адам менен жаранга  кепилденген бардык укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашырууга, ошондой эле жалпы негиздерде социалдык бакубаттуулуктардан пайдаланууга укуктуу.

 

Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекет, анын органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт деп тыюу салынган.

 

Белгиленген компетенциянын чегинен чыгуунун ар кандай формалары бийликтин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз бир колго өткөрүп алуусу менен кооптуу, бул мамлекеттик бийликтин узурпацияланышына алып келиши мүмкүн.

 

Ошон үчүн Конституциянын 64-беренесинин 11-беренесинин күчүнө таянуу менен, Конституцияда гана Президенттин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси белгиленүүдө жана анысы башка ченемдик-укуктук актылар менен кеңейтилиши мүмкүн эмес.

 

Бирок, талашылып жаткан ченемге ылайык, экс-президент тарабынан белгиленген чектөөлөр сакталбаган учурда, Президент экс-президентке карата мыйзамда караштырылган бардык кепилдиктерди токтотууга ыйгарым укуктуу. Ошон үчүн, талашылып жаткан ченем бул бөлүгүндө Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 64-беренесинин 11-бөлүгүнө карама-каршы келбейт.

 

Конституциянын 6-беренесинин 5-бөлүгүндө жана 28-беренесинин 1-бөлүгүндө жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карай колдонулбайт деп белгиленген. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган иш-аракети үчүн эч ким жоопкерчилик тартпашы керек. Жогорудагы жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган аракет үчүн мамлекеттик мажбурлоо чараларын орнотууда мыйзам болуп өткөн окуяларга, күчүнө кирген мезгилге чейин колдонулушу мүмкүн эмес.

 

Жаңы милдетти киргизүү буга чейин укуктук категория болуп саналбаган жана укуктук жөнгө салууга дуушар болбогон милдеттүү жүрүм-турумдун такыр жаңы эрежелери жана чаралары орнотулду дегенди билдирет. Жаңы милдеттенме белгилүү аракеттерди жасоо же жасоодон кармануу, ошондой эле жасалган же жасалбаган аракеттерге жооп берүү көрсөтмөсү менен бирге болот.

 

Мыйзамга каршы жасалган жосун үчүн мурда белгиленген юридикалык жоопкерчиликтин өлчөмү же көлөмү көбөйтүлүп, укук бузуучуга мажбурлоонун жаңы же өтө катаал чаралары колдонулганда же анын субъективдүү укуктары чектелгенде гана мыйзам жоопкерчиликти оордотуучу деп саналат.

 

Арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүн, 28-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу менен 2007-жылдын 23-октябрынан тартып экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу процедурасын жайылтып, президенттин абалын начарлаткан мыйзамдын өткөн мезгилге карай колдонулушун мыйзамдаштыруудан, аны менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечими чыкканга чейин абсолюттук кол тийбестикке ээ болгон экс-президент анысынан ажыраган деп айтууда.

 

Конституциялык палата мыйзам чыгаруучу тарабынан экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу процедурасын камтыган ченем Конституциянын 6-беренесинин 5-бөлүгүндө жана 28-беренесинин 1-бөлүгүндө орнотулган конституциялык-укуктук мааниде жоопкерчиликтин үстүнө жаңы милдеттенмени же оордотууну киргизүү белгилерин камтыбайт деп белгилейт. Демек, талашылып жаткан ченем мыйзамдын өткөн мезгилге карай колдонууга конституциялык тыюу салууга туш келген ченем катары бааланышы мүмкүн эмес.

 

Ошону менен бирге, Конституциялык палата экс-президенттин укуктук иммунитетинен ажыратуу процедурасынын мыйзамда болбогондугу, анын кол тийбестиги абсолюттуу болуу мүмкүндүгүн билдирбейт деген сөздү келтирүүдө.

 

Укуктук иммунитет тизгиндөө жана тең салмактуулук тутумунун мыйзамдуу каражаты болуп саналат, аны колдонбостон бийликтин бөлүштүрүлүү принцибине негизделген мамлекеттик бийлик тулкусун куруу мүмкүн эмес. Ошон үчүн, мамлекетик курулуш жаатында укуктук каражат катары өзгөчө мааниге ээ болгон укуктук иммунитет кайсы гана мамлекеттик кызмат ордуна тиешелүү болбосун, андан ажыратуунун так чектерине жана процедурасына ээ болушу керек. Болбосо, колдонуудагы Конституцияда орнотулган укуктук иммунитеттин конституциялык-укуктук мааниси жоголуп кетиши мүмкүн жана укуктук иммунитетке ээ болгондун жеке артыкчылыгына айланышына алып келет, мындай жагдай укуктук мамлекеттин көз карашынан алып караганда жараксыз.

 

Ошондуктан укуктук иммунитеттин ээсин, андан ажыратуу механизминин болбогондугу, анын белгилүү укуктук абалы катары жана киргизилген процедурага чейинки абалы жакшыраак болуучу деп бааланбайт жана анын абалын оордотуучу катары каралышы мүмкүн эмес.

 

Ошентип, арыздануучулардын пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу тарабынан 2007-жылдын 23-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын экс-президенттин кол тийбестиктен ажыратуу процедурасы менен шартталган экс-президенттин абалынын начарлап калгандыгы мыйзамдын өткөн мезгилге карай колдонууга тыюу салуу жөнүндө конституциялык орнотмо менен себеп-натыйжалуу байланышта эмес.

 

Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамынын 2-беренеси Конституциянын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 28-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт.