Меню навигации+

Конституциялык палатада 2019-жыл ичиндеги ишмердиктин жыйынтыктары чыкты

21.01.2020

Учурдагы жылдын 21-январында Конституциялык палатада 2019-жыл ичиндеги ишмердиктин жыйынтыктары боюнча судьялардын жана Аппарат кызматкерлеринин жылдык жыйыны өткөрүлдү.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дуйшеев жыйынды ачып жатып, өлкөдөгү конституциялуулукту бекемдөөдө маанилүү чечимдер чыкканын баса белгилеп, аткарылган иш үчүн кесиптештерге жана Аппарат кызмакерлерине ыраазычылыгын билдирди. Төрага өзүнүн сөзүндө жарандар конституциялык уккутарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн конституциялык контролдоо органына активдүү кайрыла баштаганын жана ал Кыргызстанда конституционализм идеяларынын бекемделишине көмөк болоорун баса белгиледи.

 

Ошондой эле төрага Кыргыз Республикасынын конституциялык контролдоо органынын тарыхында биринчи жолу Конституциялык палатанын эки судьясы мыйзамда белгиленген судьялык жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга кетиши менен 2019-жыл сот үчүн мааракелүү болгонун кошумча белгиледи.

 

Андан ары Аппараттын жетекчиси Рустам Чикеев сөз сүйлөп, ал отчеттук мезгил үчүн Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердиги тууралуу маалымат берди. Андан тышкары, судьялар Конституциялык палатанын 2019-жылга карата Иш планынын аткарылышы жөнүндө маалымат алышты. Отчеттун жыйынтыгы боюнча Аппарат жетекчиси Конституциялык палатанын 2020-жылга карата Иш планын талкуу жана андан аркы бекитүү үчүн сунуштады.

 

Жылдык жыйындын жыйынтыгы боюнча судьялар Конституциялык палатанын жылдык отчетун бир добуштан бекитишип, коомчулук үчүн ал мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланарын белгилешип, ошондой эле Аппарат кызматкерлерине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин өркүндөтүү боюнча милдеттенме коюшту.