Меню навигации+

«Конституциялык сот адилеттигинин эволюциясы жана прогресси. Жетишкендиктер жана чакырыктар» аттуу эл аралык тегерек стол Египетте болуп өттү

21.10.2019

Учурдагы жылдын 18-20-октябрында Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Египет Жогорку Конституциялык сотунун 50 жылдыгына арналган салтанатуу ишөчарасына катышып келди.

 

Мааракелик иш-чара Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах ас-Сиси мырзанын катышуусу менен өтүп, анын жүрүшүндө мамлекет башчысы чет өлкөлүк конституциялык контролдоо органдарынын жетекчилерин кабыл алды.

 

«Конституциялык сот адилеттигинин эволюциясы жана прогресси. Жетишкендиктер жана чакырыктар» аттуу эл аралык тегерек стол дагы болуп өттү. Тегерек столдун алкагында кийинкидей үч дискуссиялык сессия болуп өттү: «Заманбап мезгилде конституциялык укуктар менен эркиндиктерди коргоого уланып жаткан жол», Конституциялык/Жогорку соттор ортосунда өз ара мамиле/өз ара иштешүү, ошондой эле судьялардын акыйкаттуулугун жана сатылбастыгын бекемдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү», «Судьялардын квалификациясын жогорулатуу: сот аделиттегинин процессин бекемдөөдө маалыматтык-комуникациялык технологияларды (МКТ) пайдалануу», алардын жүрүшүндө негизги баяндамачылар тарабынан тийиштүү баяндамалар сунушталды.

 

Ушул иш-сапардын алкагында Конституциялык палатанын төрагасы Египет Жогорку Конституциялык сотунун Башкы судьясы менен жолугушуусу болуп өттү.