Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьясы К.М. Киргизбаев ардактуу эс алууга чыгууда

11.11.2019

Бүгүн, 2019-жылы 11-ноябрда, Конституциялык палатанын судьясы К.М. Киргизбаев курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга салтанаттуу узатуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Конституциялык палатанын судьялары, Жогорку соттун төрайымы Г.У. Калиева, судьялык коомчулуктун ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери да катышты.

Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын конституциялык контролдоо органынын бүткүл тарыхында экинчи жолу судья 70 жаш деп белгиленген жаш курагына жетип, ардактуу эс алууга узатылып жатканын белгилеп кетти. Төрага К. Киргизбаев жалпы юрисдикциянын бардык инстанцияларында иштеп келип, өзүнүн судьялык вазыйпасын Конституциялык палатанын судьясы болуп аяктап жатканын баса белгилеп кетти. Төраганын пикиринде бул судьялык карьеранын жогорку даражасы болуп, андайга компетенциясы жогору жана мээнеткеч адамдар гана жетише алат. «Ошон үчүн мындай өмүр баян жаш юристтер менен судьяларда арзуу жана өзүнүн кесиптик жолун ушундай өңүттө умтулууну гана жаратат», – деп төрагалык кылуучу дагы бир жолу баса белгилеп, аксакалга чың ден соолук жана узун өмүр каалап кетти.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөзү менен чакырылган коноктор дагы чыгып сүйлөштү, алар К.Киргизбаевдин адамгерчилик жана судьялык мыкты сапаттарын белгилеп кетишкен жана сот тутумунда он чакты жылдар бою бирге иштегени үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Ошону менен бирге, Конституциялык палатанын судьясы К.М. Киргизбаевге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» деген ведомстволук медаль ыйгарылды.