Меню навигации+

Конституциялык палатада эл аралык эне тил күнү белгиленди

21.02.2020

 




Бүгүн, 2020-жылдын 21-февралында, Конституциялык палатада эл аралык эне тил күнү белгиленди.

 

Конституциялык палатанын тѳрагасы Карыбек Дуйшеев иш-чаранын ачылышында, бүгүн дүйнө жүзүндө эл аралык эне тил күнү белгиленип жаткандыгын маалымдап кетти. Тѳраганын пикири боюнча, тил эл-журттун эң негизги символу болуп саналат жана ата-бабалардан муундан-муунга болгон мурасы. Ошондуктан, ѳз эне тилин сактоо, ар кимдин милдети экендигин тѳрага белгилеп кетти.

 

Андан кийин, мамлекеттүүлүктүн бекемдѳѳсүндѳ кыргыз тилдин маанилүүлүгү боюнча кыскаметраждуу роликтер мамлекеттик тилде кѳрсѳтүлдү. Конституциялык палатанын судьясы Жедигер Саалаев ѳзүнѳ таандык ырларын окуп, анда, эл-журттун биримдигине жана анын күчтүү болуусуна эне тилдин таасирин белгилеп кетти.

 

Ошондой эле, судьялар, мамлекеттик тилдин ѳнүгүүсүндѳ Конституциялык палатанын салымына токтолуп кетишти. Сот өндүрүшүнүн тилине карабастан, чечимдердин баардыгы мамлекеттик тилде иштелип жана жарыяланып турат, бул болсо, мамлекеттик тилдин тил укугу тууралуу багытын да калыптандырат.

 

Иш-чаранын аягында, Конституциялык палата мындан ары да расмий кыргыз тилин ѳнүктүрүү үчүн бардык зарыл чараларды аткарат деген сѳз айтылды.

 

Маалымат иретинде: Эл аралык эне тил күнү (International Mother Language Day) ЮНЕСКО Генералдык конференциясы менен 1999-жылдын ноябрь айында жарыяланып, жыл сайын 21-февралында белгиленет.