Меню навигации+

Латвия жана Улуу Британиядан келген эксперттер Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүштү

18.11.2019

Учурдагы жылдын 15-16-ноябрында Латвия Республикасынын Конституциялык сотунун кеңешчиси Кристапс Тамужс жана Ливерпуль Университетинин укук жана социалдык адилеттүүлүк мектебинин доценти Константин Дегтярев Конституциялык палатанын кызматкерлери үчүн «Конституциянын ченемдери менен логикалык байланышта мыйзамдардын ченемдеринин конституциялуулугун баалоодо эл аралык укуктун ченемдерин колдонуу» тренингин өткөрүштү. Көбүнесе, эксперттер эл аралык укуктун булактары жана адам укуктарынын булактары жана алардын конституциялык сот адилеттигинде колдонулушу, эл аралык келишимдердин түшүндүрүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү жана алардын улуттук укуктук тутум менен өз ара иштеши тууралуу айтып беришти.

 

Семинардын жүрүшүндө эксперттер Адам укуктары боюнча Европа сотунун тажрыйбасына да токтолушуп жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча ар кандай кырдаалдарды тренингдин катышуучулары менен талкуулашты.

 

Бул иш-чара «Кыргыз Республикасында Укуктун улуктугу – 2-фаза» Европа Союзунун Программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.