Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьясы Э. Мамыров Венеция комиссиясынын ишине катышып келди

14.10.2019

2019-жылдын 10-12-октябрында Венецияда Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясы) 120-пленардык сессиясы болуп өттү. Пленардык сессиянын ишине Кыргыз Республикасынын атынан Венеция комиссиясынын мүчөсүнүн орун басары Конституциялык палатанын судьясы Э.Мамыров катышып келди.

 

Сессиянын иштөөсүүнүн мезгилинде Венция комиссиясынын Министрлер комитети, Парламенттик ассамблея жана Европа Кеңешинин жергиликтүү жана региондук бийликтердин Конгресси өз ара иштешүү маселелери каралды. Ошондой эле, Европа Кеңешинин Башкы катчысы, Коңшулаштыкты кеңейтүүнүн жана коңшулаштыктын саясат маселелери боюнча Европа комиссары жана Ирландиянын Башкы прокурору менен пикир алышуу болуп өттү.

 

Сессиянын жүрүшүндө Венеция комиссиясынын мүчөлөрү сот жана шайлоо реформасына тийиштүү айрым өлкөлөрдүн мыйзам долбоорлору боюнча бир катар корутундуларды талкуулашып, аларды кабыл алышты, ошону менен бирге шайлоо кампаниялары боюнча Венеция комиссиясынын корутундулар жыйнагын жана отчеттору кабыл алынды. Ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнө АКШ жана Улуу Британиянын конституциялык рефоормалары жөнүндө маалымат сунушталды.

 

Андан тышкары, Кеңейтилген бюронун сунушу боюнча Комиссия анын тийиштүү кызмат орундарына 2019-жылдын декабрь айында болуучу шайлоолорго карата даярдоо жумуштарын өткөрүү үчүн Акылмандар комитетинин төрт мүчөсүн шайлашты. Комиссия 2020-жылдын 9-октябрын Комиссиянын 30 жылдыгын майрамдоо күнү деп жана орду катары Венецияны белгиледи.