Меню навигации+

У.Б. Турдубековдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

31.10.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныган.

 

Конституциялык палата өз чечиминде, талаш-тартыштын тараптары аны арбитраждык (бейтарап) эскертме түрүндө бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү тууралуу келишим түзүп жатып, мында келишимдин эркиндик укугун ишке ашырып, мамлекеттик сот тарабынан иштин каралышына жеткизбей,  бейтарап териштирүү жолу менен талаш-тартышты чечүүгө укуктуу деп белгилеген. Бейтарап сот менен ишти кароо укугунан мындай баш тартуу ар бир адамдын конституциялык соттук коргоо укугун бул мажбурлоосуз жасалып жаткан шартта бузбайт.

 

Эгер бейтарап соттор  менен мындай иштерди кароого   укуктук тыюу салынбаган учурда гана, конституциялык-укуктук макамга ээ болгон,  жарандык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүгө жардам берүүчү уюм катары бейтарап соттор, , тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча талаш-тартыштарды карай алат.

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 335-беренесинин 4-бөлүгүнө жана «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинин 1 бөлүгүнө ылайык, күрөө жүйөсүнө карата өндүрүп алууну айлантуунун соттон тышкаркы жана соттук тартибинде жүргүзүлөт.

 

Эгерде күрөөгө коюлган мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте тарыхый, көркөм же коом үчүн башка маданий баалуулукка ээ болгон мүлккө киргизилген учурда, ошондой эле эгерде күрөө жүйөсү өндүрүп алуу учуруна карата жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет.

 

Соттон тышкаркы тартип, бир жагынан, күрөө кармоочунун кызыкчылыгын коргоо процедурасын жөнөкөйлөтүү жана тездетүү жана мүмкүн болгон соттук чыгашаларды азайтууга жардам берген, соттук коргонуунун жалпы эрежелеринен бөлүнгөн негиздүү өзгөчөлүк, бирок башка жагынан, мыйзам чыгаруучунун пикири боюнча, күрөө берүүчү сот тарабынан гана жүзөгө ашырылууга мүмкүн болгон, анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чаралардын топтомун пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

 

Ошентип, мыйзам чыгаруучу, күрөөнүн аталган предметтерине өндүрүп алууну айлантуунун алардын өзгөчө социалдык маанилүүгүнө негизделип, соттук гана тартибин орнотуп, муну менен мындай маселелерди соттон тышкаркы тартипте чечүүнү алып салат.

 

Мыйзам чыгаруучу менен жарандын жашоосу үчүн жалгыз турак жайы болуп саналган күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алуунун соттук тартипте гана орнотуусу менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын күчөтүлгөн коргоону божомолдойт, экономикалык мүнөздө гана эмес, күрөөнүн аталган предметинин социалдык маанилүүлүгү менен дагы шартталган.

 

Ушуга байланыштуу, мамлекет, күрөө предметинин касиеттерин эске алуу менен, укуктук социалдык мамлекеттин максаттарын көздөп,келишимдик мамилелерден келип чыккан маселелерди жана талаш-тартыштарды атайын соттун текшерүүсүндө болгондукту орнотууга укуктуу.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына көзөмөл коммерциялык банктардын жана башка юридикалык жактарга даректелген талашылып жаткан ченемдүү жобо, өндүрүп алууну күрөө предметине айландыруу тууралуу келишимдерге жана макулдашууларга арбитраждык (бейтарап) эскертмени киргизүүгө тыюу салат.

 

Мындай тыюуну караган талашылып жаткан ченемдин формулировкасы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 335-беренесинин 4-бөлүгүнүн жана «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнүн жөнгө салуу предметинин чегинен чыкпайт.

 

Көрсөтүлгөн ченемдерге себептүү мыйзам чыгаруучу менен күрөөнүн белгилүү предметтерине өндүрүүнү айлантуу маселелери сот адилетүүлүгүн жөнөткөнгө ыйгарым укуктуу соттордун карамагына өткөрүлүп берилген, мында бул маселелерди соттон тышкаркы чечүүнүн барды формалары, анын ичинде бейтарап сот аркылуу чечүү алынып салынган.

 

Ошентип, ченем жаратуучу орган катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өндүрүп алууну күрөө предметине айландыруу тууралуу арбитраждык (бейтарап) эскертмени киргизүүгө тыюу салуусу ыйгарым укуктарын ашачапкандык катары кароого болбойт, анткени ал Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерин жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган, чектөө мүнөздөгү жоболорду камтыбайт жана  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузбайт.