Меню навигации+

Сеулда Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын (АКСА) изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча Катчылыктын 1-изилдөөчүлүк конференциясы болуп өттү

04.06.2018

 

Учурдагы жылдын 29-майынан тартып 1-июнга чейин Сеулда «АКСА мчөлөрүнүн юридсикциясы жана уюштурулушу» аттуу Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын 1-изилдөөчүлүк конференциясы болуп өттү. Бул конференцияны АКСАнын изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча Катчылык уюштурган, ал өзүнүн ишин 2017-жылы январь айынан тартып Сеулда баштаган.

 

Конференцияда Афганистан, Индонезия, Казакстан, Кыргызстан, Корея, Малайзия, Монголия, Мьянма, Россия, Тажикистан, Таиланд, Туркия, Филиппины конституциялык сотторунун жана башка шайкеш институттарынын, ошондой эле Адам укуктары боюнча Европа соту жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын өкүлдөрү катышты. Конституциялык палатанын атынан конференцияда Конституциялык палатанын аппаратынын соттук отурумдарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, АКСА менен байланыш офицери Назгүл Нурбекова катышты.

 

Катышуучулар иш-чаранын жүрүшүндө өздөрүнүн сотторунун ыйгарым укуктары, негизги функциялары жана түзүмү тууралуу маалымат беришти, АКСАнын Изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча катчылыкта стажировкадан өтүүнүн маселелери, ошондой эле Катчылыктын онлайн-форумун жана веб-сайтын толтуруу боюнча башка маселелер талкууланды.