Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьяларынын борбор калаанын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн мейман лекциялары

27.04.2018

Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнүнө карата жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралар алкагында 2018-жылдын 19-апрелинен тартып 27-апрелине чейин Конституциялык палатанын судьялары Бишкек шаарынын студенттери үчүн Конституциянын үстөмдүгү жана анын мамлекеттин турмушундагы ролу темасында мейман лекцияларын өткөрүштү.

 

Ошентип, Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери үчүн, судья-катчы Меергуль Бобукеева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенттери үчүн мейман лекцияларын өткөрүштү, судья Чинара Айдарбекова «Ала-Тоо» эл аралык университетинде, судья Мукамбет Касымалиев Кыргыз-Россия Славян университетинде, судья Чолпон Осмонова  КР ТИМдин Дипломатиялык академиясында лекция окушту, судья Эмиль Осконбаев Боробордук Азиядагы Америка университетинин студенттери менен жолукту, судья Жедигер Саалаев «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин студенттери үчүн мейман лекциясын өткөрдү.

 

Лекция убагында судьялар конституциялык түзүмдүн негиздери, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоодо Конституциянын ролу, мамлекеттин, коомдун жана инсандын турмушундагы Конституциянын мааниси тууралуу студенттерге айтып беришти. Судьялар студенттерге Конституциянын үстөмдүгүн, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу боюнча конституциялык контролдоо органы катары Конституциялык палатанын ролу жана функциялары жөнүндө да маалымдашты.

 

Өз кезегинде студенттер лекторлорго суроолорду жигердүү беришип, Конституциялык палатанын ишмерлигинин ар кандай аспектилерине, анын ичинде анын айрым кабыл алынган чечимдерине кызыгуусун артышты.