Меню навигации+

Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын сотторунун судьяларына Конституциялык палатанын чечимдеринин укуктук табияты тууралуу айтып беришти

21.05.2018

 

Учурдагы жылдын 18-майында Ош шаарында «Конституциялык палатанын чечими укук булак катары» темасында семинар болуп өттү. Семинар Конституциялык палата тарабынан «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук фонду менен бирге уюштурулган.

 

Бул семинар Конституциялык палатанын чечимдеринин ченемдүүлүгү, аткарылууга милдеттүүлүгү жана акыркы болуп саналгандыгы жөнүндө өлкөнүн белгиленген региондорундагы жергиликтүү соттордун судьялары үчүн түшүндүрүү максатында өткөрүлгөн. Конституциялык палатанын судьялары семинардын катышуучуларына сот бийлик тутумунда Конституциялык палатанын орду жана ролу, Конституциялык палатанын чечимдеринин юридикалык күчү, Конституциялык палатанын чечимдериндеги укуктук көз караштар жана аларды жалпы юрисдикциянын соттору тарабынан колдонулушу, Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылуусу тартиби, ошондой эле конкреттүү бир ишти кароодо колдонулууга тийиш болгон мыйзам же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугунда күмөндүүлүк болсо, Конституциялык палатага судьянын суроо-талап менен кайырлуунун өзгөчөлүгү жөнүндө баяндама жасап беришти.

 

Жалпысынан көрсөтүлгөн иш-чарада Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын 25 судьясы катышты.