Меню навигации+

Конституциялык палатасынын Төрагасынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын 25 жылдыгы менен куттуктоосу

04.05.2018

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Конституциялык палатанын атынан жана жеке өзүмдүн атыман Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын 25 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

 

1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция өлкөнүн ошол мезгилдеги бардык болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдүн тереңдигин чагылдырган, ал эгемендүү мамлекеттин калыптануусу үчүн укуктук негиздерди орноткон.

 

Бүгүн Конституция күнүмдүк турмушубуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп, элибиздин нагыз эркиндик жана демократия шартында адилеттүү жана укуктук коомдо жашоого умтулуусун ырастайт.

 

Баш мыйзам укуктук мамлекеттин ажырагыс белгиси, демократиялык коомдун символу гана эмес, ал бардык коомдук мамилелерди түптѳгѳн, өлкөнүн өнүгүү багытын аныктаган негиз болуп саналат. Конституциянын ченемдерин, баш мыйзамда жарыяланган принциптер менен идеяларды так сактоо гана заманбап Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттардын түзүлүүсүнүн кепилдиги болуп кызмат кылат.

 

Конституция күнү демократиялык жана укуктук мамлекетти куруу жолунда көзгө көрүнөөрлүк ийгиликтерди чагылдырат, Конституциялык палата да бул процесске активдүү катышып, Конституциянын үстөмдүгүн, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин корголушун камсыз кылууда татыктуу салымын жасоодо.

 

Ушул майрам күнү бардыгыңыздарга чын жүрөктөн бекем ден соолук, өркүндөп өнүгүү жана бакубатчылык, коомдогу стабилдүүлүк менен ынтымактын сакталышын, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жаратман эмгегибизде ийгиликтерди каалаймын!

 

 

Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотунун
Конституциялык палатасынын Төрагасы  Э.Т. Мамыров