Меню навигации+

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө

19.04.2018

Бүгүн 19-апрель күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгына арналган «Конституциянын үстөмдүгү жана анын түздөн-түз колдонулушу: Конституциянын укуктук корголушун камсыз кылуу маселелери» аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Конференция Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Союзунун долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

 

Конференцияга жакынкы жана алыскы 11 өлкөнүн конституциялык сотунун төрагалары жана судьялары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку соттун төрайымы, Презединттин Аппаратынын, Өкмөт Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын, башка мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров эл аралык конференцияны ачууда, «бул Конференция Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгын утурлап өткөрүлүүдө. Конституцияга чейрек кылым ичинде бир нече ирет өзгөртүүлөр киргизилген, натыйжада эки революцияга дуушар болдук, өлкөнүн Баш мыйзамы канчалган өзгөртүүлөрдүн жана түзөтүүлөрдүн айынан калыбы чегилип, конструктивдүү катуулугун жоготуп койгон, токтотмолор менен карам-каршылыктардын салмактар системасы жуулуп кеткен. Мындай кырдаалда конституциялуулуктун режими, Конституциянын үстөмдүгү тууралуу сөздөр декларацияга айланып келген. Ошондуктан Конституциянын маңызын, анын коомдогу жана мамлекеттеги ордун аңдап билүү абдан маанилүү. Конституциянын үстөмдүк принцибинин тиешелүү деңгээлде турмушка ашырылуусун камсыз кылбастан жана аны ишке ашырбастан өлкөдө таасирлүү режимдин укуктук көрүнүш катары түзүлүшүн элестетүү мүмкүн эмес экенин көптөгөн мамлекеттердин тарыхы жана алардын нагыз тажрыйбасы да ырастап турат. Ушуга байланыштуу, бүгүнкү конференциянын темасы да кокустук эмес.», деп белгиледи.

 

Конференцияда К.А. Мами, Казакстан Республикасынын Конституциялык кеңешинин төрагасынын, Шуберт Винфрид, ФГР Саксония-Анхальт жеринин Конституциялык сотунун төрагасынын жана эл конференцияга катышкан конституциялык соттордун башка өкүлдөрүнүн баяндамалары күтүлүүдө.