Меню навигации+

Конституция күнүнө карата Конституциялык палатада Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, студенттер арасында сынактын жыйынтыктары чыгарылды

03.05.2018

Бүгүн Бишкек шаарынын 7 жождорунун студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, «Улуттук мыйзамдар тутумундагы Конституциянын орду жана ролу» темасындагы студенттер арасындагы эссе сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгына арналган.

 

Ачык эшиктер күнү студенттер Конституциянын үстөмдүгүн, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча маанилүү институт катары Конституциялык палатанын ишмерлиги менен таанышышты.

 

Андан ары студенттер арасында республикалык сынктанын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо болуп өттү. Сынак Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдөө боюнча USAID жана IDLO Программасынын колдоосу менен Конституциялык палата өткөргөн. Сынактын максаты улуттук мыйзамдар тутумунда мамлекеттин Баш мыйзамынын ролун жана маанисин ачкан мыкты эсселерди аныктоо болуп саналат.

 

Сынакка республиканын 12 жогорку окуу жайынын 25 студенти катышкан.

 

Сынактын жыйынтыгы боюнча Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын студенти Мурадил Садыковго биринчи орун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Ринат Бакеевге экинчи орун, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенти Фатима Айтмухамедовага үчүнчү орун ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.

 

Жеңүүчүлөрдүн сынак иштери Конституциялык палатанын сайтында жарыяланат.

 

Конституциялык палата жыл сайын жалпы максаты Конституция жана Конституциялык палатанын ишмерлиги тууралуу жаштардын укуктук билим деңгээлин арттырууну көздөгөн Конституция күнүнө карата Ачык эшиктер күнүн жана студенттер үчүн мейман лекцияларын өткөрөрүн эскертебиз. Ошентип, учурдагы жылдын 19-27 апрель күндөрү Конституциялык палатанын судьялары борбор калаабыздын 7 жогорку окуу жайынын студенттери үчүн мейман лекцияларын окуп беришкен, ошондой эле Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери жана № 12 мектеп-гимназиянын окуучулары үчүн Конституциялык палатада Ачык эшиктер күнү уюштурулган.