Меню навигации+

Конституциялык палатанын жамааты жаңы судьялар менен таанышты

02.03.2020

Бүгүн, 2-мартта, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С. Дыйканбаев Конституциялык палатанын жамаатын кайрадан судья болуп шайланган М.Р. Бобукеева жана М.Ш. Кысымалиев, ошондой эле судья Л.П. Жумабаев менен тааныштырып, аларга ийгилик каалап кетти.

 

Судьяларды тааныштырып жатып, К.С. Дыйканбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун окуп, алардын негизинде М.Р. Бобукеева жана М.Ш. Кысымалиев курактык чегине жеткенге чейин, ал эми Л.П. Жумабаев – 7 жылдык мөөнөткө шайланганын белгилеп кетти.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын тѳрагасы К.А. Дуйшеев, судьяларды жооптуу кызмат ордуларына шайланганы менен куттуктап, сот милдеттерин чынчыл жана ак ниеттүүлүк менен аткаруусун каалап кетти.