Меню навигации+

Конституциялык палатада балдардын сүрөт сынагынын жыйынтыктары чыгарылды

01.06.2020

Балдардын эл аралык коргоо күнүнө карата Конституциялык палатада балдардын сүрөт сынагы уюштурулду. Сынакка Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлеринин балдары катышты.

 

Учурдагы жылдын 1-июнунда Конституциялык палатанын судьяларынан турган төрага К. Дуйшеев жетекчилик кылган сынак комиссиясы сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады. Алсак, сынактын жыйынтыктары боюнча жеңүүчүлөр болуп төмөнкүлөр аныкталды:

– 1-орун – Аяна Сыдыкова (3 жаш);

– 2-орун – Айым Бердибекова (6 жаш);

– 3-орун – Искандер Карасартов (10 жаш).

Сынактын башка катышуучуларына шыктандыруучу сыйлыктар тапшырылды.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев куттуктоо сөзүндө балдар биздин уучубуз кур эместигинин белгиси, алар биздин бүгүнкү жана эртеңки күнүбүз, келечегибиз деп белгилеп, сынактын катышуучуларына таттуу балалык каалап кетти. Төраганын пикири боюнча, ушул өңдүү иш-чаралар ата-энелер балдарынын дареметин андан ары өркүндөтүү үчүн ушул сыяктуу көркөм өнөр чөйрөсүндөгү иш-чаралар балдардын талантын табууга көмөк болот дейт.

 

Ошондой эле төрага таажывирусунун пандемиясы шарттарында санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо максатында балдардын баалуу белектери Конституциялык палатанын Аппаратынын ата-энеси болгон кызматкерлери аркылуу берилет деп белгилеп кетти.